Menu

2017-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча экспорт 128% көбөйүп, импорттун өсүүсү 115% түздү

Бөлүшүү:

“2017-жылдын  I кварталынын жыйынтыгы боюнча экспорт 128% көбөйүп,  импорттун өсүүсү 115% түздү. Бул көрсөткүчтөр Евразия экономикалык комиссиясынын Кыргыз Республикасы менен экспорттун көлөмү 131% өстү деген маалыматтарына дал келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 24-майда, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Ак-Тилек Автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктунун оңдоо иштери менен таанышканда билдирди” – деп маалымдайт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Кыргыз-казак чек арасынан бажы өтмөктөрүн алып салуу андагы статистикалык эсептердин сапатына таасирин тийгизди. Мамлекеттик органдардын берген маалыматтары ишкерлердин көрсөткөн сандары менен дал келди. Келип чыккан абалды жөнгө салуу үчүн кыргыз-казак чек арасынан кирген чыккан товарлардын жана жүктөрдүн эсебин алуу боюнча жаңы ыкма иштелип чыкты. Бүгүнкү күндө өлкөнүн аймагында иштеп жаткан бардык көзөмөл өткөрүү пункттарында кирген чыккан товарларды эсепке алуу боюнча жаңы методология иштеп жатат. Бул ыкма Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер менен товарлардын так санын чыгарууга шарт түзөт.  Азыркы тапта чек арадан өткөн жарандардын документ кагаздарын текшерүүдө убакытты үнөмдөө жана ылдам бүткөрүү иштерин  жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат», – деди ал.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жылдын жыйынтыгы боюнча экспортту өнүктүрүүдөгү өсүү темпин сактап калууга болгон аракетин жумшайт.

«2017-жылдын январь-март айларында эт азыктарын экспорттоо 581,1% көбөйдү,  жаңгак жана мөмөлөрдү экспорттоо 188,5%, сүт азыктарын сырткары чыгаруу 85,9%, ал эми жеңил өнөр жай товарларын экспорттоо  155% өстү. Муну эске алуу менен биз товарларын экспортко  чыгарган ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү улантабыз жана экспортту өнүктүрүүгө шарт түзөбүз», — деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Белгилей кетсек, учурда «Ак-Тилек Автодорожный» көзөмөл өткөрмө пунктун реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Оңдоо иштерине кеткен жалпы чыгымдын 6,5 млн сом.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: