Menu

Жалал-Абадда санарипке өтүү боюнча калкка түшундүрүү иштери күчөтүлүүдө  

Бөлүшүү:

 

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, шаардын муниципалдык кызматтары, шаар мэриясына караган бардык мекемелер санариптик телеберүүлөргө өтүү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерине активдүү кол кабыш  кылууга киришишти. Бул тууралуу бүгүн шаар мэриясында өткөн активдин жыйынында айтылды.

Шаар активинин жыйынында негизинен санарипке өтүү маселеси, ага өтүү боюнча жаралып жаткан көйгөйлөр каралып, Радио релейлик станциялар????дын түштүк башкармалыгынын Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн башчысы Сардарбек Алымкулов шаар активине кеңири түшүндүрмөлөрдү берди. Жыйынга катышкандар санариптик толкунду кармап калуу учурунда жаралып жаткан кыйынчылыктар тууралуу көптөгөн суроолорду беришти жана жоопторду алышты.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Айзат Раматиллаеванын айтымында, бул жыйындын өткөрүлүшү жалпы шаар үчүн маанилүү, себеби муниципалдык кызматтар эл арасында иштешет, демек калкка түшүндүрүү иштерин натыйжалуураак жүргүзө алышат.

-Биз муниципалдык ишканалардын кызматкерлери аркылуу калкка маалымат жеткирүү жагын ойлонуштурдук. Себеби, алар эл арасында иштешет, демек элге көбүрөөк маалымат жеткире алышат. Ошондуктан бүгүн атайын дасыккан адистерди чакырып, муниципалдык кызматтардын жетекчи курамына санарипке өтүү, андагы орчундуу маселелер тууралуу кеңри түшүндүрүлдү. Эми алар өз жамааттарына жеткирип, жамааттар калкка жеткирет деген ишенимдебиз. – дейт ал.

Ал эми С. Алымкуловдун айтымында, шаардын жеригликтүү бийликтеринин бул аракети өтө актуалдуу.

-Биз шаар жетекчилерине ыраазыбыз, анткени бул өтө маанилүү иште жергиликтүү бийликтер негизги ролду аткарышы керек. Эгер калк арасында түшүндүрүү иштери жакшы жүрсө, санарипке өтүү процессинде кыйынчылыктар азыраак болот, – дейт ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: