Юстиция министри Ахмедов Уран кызматтан кетүү боюнча арызды өз каалоосу менен жазган. Ал эми министр бул маселе Сапар Исаков менен макулдашылганын айткан. Эске сала кетсек, Ахмедов ЖК депутаттары тарабынан көп сындарды угуп келген. Бир топ депутаттар анын кызматтан кетишин талап кылышкан. Ал бул кызматка өткөн жылдын ноябрь айында келген. Болгону жарым жылдай иштеди. Эмне иш кылганы деле элге белгисиз бойдон калды. Эми анын ордуна ким министр болот, азырынча белгисиз. Ким болсо да, тажрыйбалуу, иштин көзүн билген адам болсо экен.
Булак: “Багыт“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ