Menu

4 күн, 4 түн кар түшкөн Кептеш жайытында жалгыз калган аял аман-эсен айылына келди

Бөлүшүү:

Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн билдирүүсүнө караганда, Нарындагы Соң-Көл жайлоосунун Кептеш жайытында Г.А. аттуу 47 жаштагы аял 4 күн, 4 түн жалгыз жашаган.

Алардын айтымында, кечээ, 1-октябрда аларга жайлоодо жалгыз калган аялдын күйөөсү жардам сурап кайрылган. Тагырагы, Кочкор районуна караштуу Теңдик айылынын тургуну, А.А. аттуу 1965-жылы туулган киши кайрылып, жүк ташуучу машина бузулуп калгандыктан жайытта аялы жалгыз калганын, өзү 28-сентябрда жайлоодон мал айдап түшүп, айылына 1-октябрда жеткенин билдирген. Ал кишинин абалын угаары менен куткаруучулар, 4 кызматкер жайлоого жөнөп кеткен. Алар 2-октябрда, түнкү саат 03:45те жетип, жалгыз калган аялды аман-эсен айылына таңкы саат 07:07де жеткирген.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: