Menu

Тажикстан Өзбекстанга сатылып жаткан электр энергиясынын баасын жогорулатат

Бөлүшүү:

Тажикстан жаз жана жай мезгилдеринде Өзбекстанга сатылып жаткан электр энергиясынын баасын жогорулатууну көздөп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Тажикстандын «Барки точик» мамлекеттик энергохолдингине шилтеме кылып жазышты.

Маалыматка караганда, учурда эки өлкөнүн энергетикалык компаниялары алдыдагы жаз жана жай мезгилдеринде тажик электр энергиясын Өзбекстанга жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

«Барки точик» холдингинин төрага орун басары Мадумар Асозода тажик тарап электр энергиясы үчүн былтыркыга салыштырмалуу быйыл кыйла жогорку тариф сунуштап жатканын билдирди. Анын айтымында, баалар тараптар макулдашкандан кийин жарыяланат.

Өткөн жылы Өзбекстан ар бир киловатт электр энергиясы үчүн Тажикстанга 2 центтен төлөгөн. Быйыл тажик тарап коңшусуна 1,6 млрд. киловатт/саат электр энергиясын сатууну пландап жатат. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 200 млн. киловатт/саатка көп.

Өзбекстан Тажикстандан электр энергиясын 2009-жылы, өлкө Борбор Азиянын биргелешкен энергетикалык системасынан чыккандан кийин албай калган. Бирок 2018-жылдын апрелинен тарта кайрадан Тажикстандан электр энергиясын сатып ала баштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: