Өнөр жай, тоо-кен, минералдык ресурстары боюнча комитетинде жетекчинин орун басары болуп иштеген Азис Сапаралиевдин 28 батири бар экени ачыкталды. Ал азыр абакта жаткан Зилаливдин орун басары болуп иштеген. Аны билгендер Жер-Үй алтын кенин иштетүүгө лицензия алган “Альянс Алтын” компаниясынын маселесин чечип келген эң башкы “лоббисти” экенин баса белгилеп айтып келишет. Сапаралиев өткөн жылдын ноябрь айында кызматтан алынган. Ал мурунку төрага Зилалиевдин мандемдүү иштерин кынтыксыз аткарып келгени ачыкка чыккан. Эске сала кетсек, Зилалиев комитетти жетектеп турганда алтын кендерин казууга лицензияны оң-солго тараткан. Азыр ал мыйзамды бузуу менен берилген 13 лицензия боюнча да суралып жатат.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ