Былтыр Тажикстанда адам укуктарынын абалы кескин түрдө начарлаган. Бул тууралуу Human Rights Watch (HRW) уюмунун 12-январда жарык көргөн «Популисттик демагогия адам укуктарына коркунуч жаратууда» деген баяндамасында айтылат.
Өткөн жылы Ташикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчилери узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. Укук коргоочулардын пикиринде, сот диний партиянын лидерлерине карата адилетсиз өкүм чыгарган. Бийлик мындай жол менен тынч саясий оппозициядан кутулуу аракетин көргөн.
Баяндамада мындан тышкары бийлик адвокат-укук коргоочуларды, Рахмондун түбөлүк бийликте калуусун шарттаган конституциялык референдумга каршы чыккандарды дагы темир тор артына жөнөткөнү айтылат.
Авторлор азыркы режимди сындагандардын чет өлкөдө жашаган туугандары дагы куугунтуктоолорго кабылып жатканын баса белгилешкен. Human Rights Watch уюмунун маалыматы боюнча 2015-жылдан бери Тажикстанда саясий айып менен 150дөн ашык активист камалган.
Human Rights Watch Тажикстанда улуттук коопсуздукту коргоо шылтоосу менен ырааттуу түрдө Facebook, Gmail сыяктуу түйүндөрдүн, “Азаттыктын” тажик кызматы өңдүү оппозициялык мүнөздөгү ресурстардын жабылып калып жатышына тынчсыздануусун билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ