Menu

Нуркыз Кадырбекова, “Асылзат” айымдар коомунун жетекчиси: Көпчүлүк күтүү, үмүт этүү, жакшылыкка жоруу маанайында

Бөлүшүү:

– Нуркыз, эл Узарбек Жылкыбаевдин Ош облусунун жетекчилигине дайындалышын кандай кабыл алды? Деги эле кадр саясатына элдин көз карашы кандай?

– Азыр эс алуу сезону болгондуктан, кызуу талкуу болгон жок. Бирок, чогуу иш баштаган жамаат, аксакалдар «Ысык-Көлдө иштеп жүргөндө «чепкен, калпакты токтотуп, ишке өтөлү» деп өзгөчө кайрылуу жасап кыйлага жаккан, билими терең, англис, француз тилдерин билген, кичипейил, демилгечил жигит экен» деп талдаса, дагы бир тобу «тээ Көлдөн Ошко кызмат кылам деп келсе, колдойлу. Куу чирен, төрөпейил эмес, илбериңки экен» деп да айтып калышты. «Алайда майрамга келгени жакшы табырка» дегендерин угуп жатабыз. «Жаш экен, кандай команда менен келет, кантип иштейт, аймакты чакталуу бюджет менен кантип өнүктүрөт?» деп кулак түрүп тыңшагандар да бир топ. Азырынча негатив (Бишкек мэрлигине талапкердей) дээрлик жок. Демек, ийгиликтерди жаратса мүмкүнчүлүк, реалдуу климат бар.

Жаңы президент сабырдуулугу, токтоолугу, тазалыгы менен көпчүлүктүн ичин жылытып, көбү жакшы нерсени күтүп турган учурда менин баамымда, көпчүлүк үмүт этүү, жакшылыкка жоруу маанайыңда. Өкмөт курамы, президенттик аппарат курамы тууралуу «туура» деп кабылдап, ишеним артып жатышат. Оштун мэринин шайланышы, ротация саясатынын алкагында Узарбек Жылкыбаевдин Ошко жөнөтүлүшү, коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууда Рита Карасартова сыяктуу жарандык активисттерди кызматка чакырганы мага да ынанымдуу болду.

Баягы «бир мык кыйшык кагылса, бир тулпар чалынат, андан бир баатырдын тагдыры коркунучта болсо, бүтүн эл чабышат» деген накылга таянып, өзүм үчүн эмес, мамлекетим үчүн мындан ары да кадр саясаты сергек, кылдат болсо деп тилейм. Катаал учурда Абдыкадыр Орозбеков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов чыккан элибиз азыр ааламдашуу кырына чыгып, дүйнөнүн каалаган бурчунан билим алууга мүмкүнчүлүк араандай ачылган кезде берген ишти майын чыгара иштечү жаш, тажрыйбалуу кадрлардан уучубуз кур эмес. Ошого таянып, мыкты кадрлар келерине ишенем. Бийлик бутактары былыгы чубалган системаларды ондосо, иштечү кадрлар бар.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: