Бүгүн, 19-ноябрда Алматы шаарынан он жылга кесилген мурунку депутат Асылбек Дамирбек уулу Бишкекке түндө алынып келингени буга чейин жазылган. Мындай маалыматты Башкы прокуратура тастыктады.
Алардын маалыматына караганда, Казакстанда камакка алынып, кесилген үч кыргызстандык эл аралык келишимге ылайык, мындан ары жаза мөөнөтүн Кыргызстандан өтөшөт. Алардын арасында Асылбек Дамирбек уулу да бар.
Эскерте кетсек, 37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутатты болуп шайланган. 2018-жылы экс-депутат менен кошо 11 киши Казакстандын түштүгүнөн атайын операция учурунда кармалган. «Трансулуттук уюшкан топ түзүп, кылмыш кылышкан, “Экономикалык контрабанда” менен алектенишкен» деген айыптын негизинде, үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Асылбек Дамирбек уулу Алматы шаарынан 10 жылга кесилген. Кыргызстандын БШКсы анын депутаттык мандаттынан 16-апрелде ажыраткан.
Экс-депутаттын жарандыгы да талашты жараткан. Алгач Казакстан тарап “Казакстандын жараны” деп айтып чыккан. Бул маселе боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын эл аралык укуктук кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Акматов билдирүү тараткан. “Дамирбек Асылбек уулунун Казакстандын жарандыгы боюнча паспортун текшерүүдө жараксыз деп табылды. Бүгүнкү күндө ал биздин жаран. Казакстандын шарты боюнча алар адамдын башка жарандыгы бар экенин аныкташса, Казакстандын жарандыгы автоматтык түрдө алынат. Ал учурда Кыргызстандын жараны катары соттолуп жатат. Эгерде экс-депутат соттолуп кетсе, ал Кыргызстанга берилиши мүмкүн», – деген эле. Кыргызстандын жараны болгон үчүн Кыргызстанга алынып келди окшойт…
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ