Menu

Курсан Асанов кыз-келиндердин сүймөнчүлүгүнөн кете элек…

Бөлүшүү:

Генерал Курсан Асанов эки күндун биринде Жогорку Кеңешке барып, реформа, жаңылануу боюнча чоң жүктү ишке ашырууга белсенип жүрөт. Депутаттардын кандай гана суроосу болбосун, түз да, кыйыр да түрдө жооп берип, болбой калса айландырып, адаштырып, айтор, элге карата ынанымдуу пикир айтканы кубандыра баштаду. Бул да өзүнчө талант! Азыр ИИМде ЖКга барып, мындай «өнөрпоздугун» көрсөтө ала турган бир да жетекчи жок. Моюнга алыш керек.

Иш жүзүнө келгенде, Курсан мырза катардагы спецназдан генералдыкка чейин өсүп жетти. Бул анын эмгеги. Биз канча сындасак да, ал чыйралып, түз жолду тандап, эл үчүн иштеп берүүгө, мамлекеттик жетекчи катары өзүнүн атын тарыхка калтырууга ынтызар. Эл аралык практикада мындай фигуранттар ийгиликтерди жаратып келишкен. Учурда ал ИИМдин орун басары, сегиз жылдан бери отурат. Парламенттин 121-депутатындай эле трибуналардан түшпөйт. Иши ошол. Советтик Кыргызстандын тарыхынан бери алсак, мынчалык узак кызмат ордунда отурган жетекчилер өтө сейрек. Дегенибиз,
каарманыбыз өз миссиясын татыктуу түрдө аткарды. Эми эмне кылыш керек? Бизден сунуш: Асановду кайсы бир облуска гебурнатор кылып жөнөтүү керек. Эл менен тил табышканды, иштешкенди мыкты билет. Маселенин күрөө тамырын кармай алары, анан чечкиндүүлүгү бар. Бүгүн болсо, кайсы облусту карабайлы, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү чабал, кабинеттик кызматкерлер. Ал эми биздин каарманыбыз эл аралап, карапайым калкка камыр-жумур болуп кетеринен камсанабайбыз. Жетекчи деген жерге жакын болуш керек. Дал ушундай сапаттар Курсан мырзада арбын. Аймактарды өнүктүрүү
жылында дал ушундай инсаныбызды эмнеге пайдаланбайбыз? Мисалы, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, же Баткен облусу болсо деле жарайт. Элге чыга турган, бийликтин позициясы үчүн күрөшө турган белдүү адам керек го? Эмнеге анда ИИМде «байлап» отурабыз? Өмүрдү, тажрыйбаны кор кылып…

Ал эми жөнжай турмушта Курсан Асановду көпчүлүк кыз-келиндер өтө жакшы көрөрүн билебиз. Жигиттик наркы бар. Көзү-башы кара торусунан келип, энергиялуу болуп турбайбы. Кыраакы аялзаты деле сыртынан карап, өзүнүн каалоосун кыялданып коёт болуш керек. Чыныгы эркек үчүн бул жеңиш. Кыз-келиндерди суктандыра билет, ыңгайы келсе бөктөрүп кетсе эмне, жаманбы? Укугун сыйласа болду да… Көпчүлүк ургаачы затынын купулуна толуу да оңой эмес экен (Бабановдон кийинки эле кандидатыбыз ушул.) Бул жагынан кыйла практик болсо керек. Бир келген жалган жашоодо баардык жагына жетишүүнүн өзү ийгиликтин туу чокусу эмеспи…

Ошентип, реалдуу турмуштагы генерал Асановдун портретин учкай мүнөздөгөнгө үлгүрдүк окшойт. Калганы келечектин иши. Дагы баа беребиз…

Арстан Алгырбеков

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: