Menu

Фото – Кыргызстандын Кореядагы элчилиги “Public Diplomacy Week 2019” иш-чарасында Кыргызстан тууралуу презентация жасады

Бөлүшүү:

Өткөн жума, 24-26-октябрында Корея Республикасынындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги, чет мамлекеттердин дипломатиялык корпустунун негизинде уюштурулган “Public Diplomacy Week 2019” иш-чарасында Кыргызстан тууралуу презентация жасады. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бул фестивалда Кыргызстандын кооз жаратылышы, маданияты жана кыргыз элинин каада-салты тууралуу кенен маалымат берилип, ошону менен бирге кыргыз өлкөсү жөнүндө көптөгөн кызыктуу маалыматтар берилди. Иш-чаранын алкагында конокторго кургатылган жемиш жана чай сунушталды.

Фестивалдын алкагында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин консулу А. Канатбекова Кыргызстандын маданияты,туризм жана коомдук дипломатиянин ыкмалары жөнүндө презентация жасады.

Ошондой эле, 24-25-Октябрда Кванджу шаарында (Корея Республикасы) болуп өткөн Азия маданиятынын жумалыгы жана Азият Маданият Борбору – Азия мамлекеттеринин Элчиликтери иш-чарасына да катышты. Бул иш-чара Корея Маданият,спорт жана туризм министирлиги менен Азия Маданият Борбору аркылуу уюштурулду. Фестивалда элчилик атайын павильондо мамлекеттик өндүрүүчүлөрдүн азык-түлүктөрүн, бал, кургатылган жемиштерди жана улуттук кийизден жасалган буюмдарды көрсөтүштү. Ошондой эле, Кыргызстандык этникалык корей балдарынын атайын чыгармасы болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Корея жана Азия аймагындагы мамлекеттер ортосундагы маданиятты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду. Азия өлкөлөрүнүн Маданият борборунун президенти, Ли Жин-Сик мырза эки мамлекеттин маданият тармагындагы кызматташуунун оң тармактарын белгиледи. Атап айтканда, борбор тарабынан уюштурулган Манас көргөзмөсүн, баса белгиледи. Борбордо азыркы учурда Кыргыз жомоктору корей тилине которулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: