Menu

Түркмөнстандагы аялдар абагында коронавирус жайылып жатканы кабарланууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Дашөгүз облусундагы аялдар абагында COVID-19дун белгилери бар оору жайылууда. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Булактын айтымында, абактын аймагында атайын «карантиндик блок» түзүлүп, ал жерге камактагы 200дөн ашык аял жаткырылган, айрымдарынын абалы «оор деп бааланууда».

«Мындай абал сентябрдын башында болуп, бирок түрмө жетекчилиги аны жашырып коюуга аракет кылган. Бирок өткөн жумада бул маалымат Ашхабаддагы бийликке жетип, түзөтүү абагына рентген аппараты жеткирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында жүздөгөн камактагы аялдын өпкөсү инфекциядан жабыркаганы белгилүү болду», — деди булак.

Бул боюнча аталган абактын жетекчилигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ал ортодо бул түрмөдө жакындары отурган жарандар камактагы үч аял каза болгонун ырасташты. Алардын айтымында, аялдардын сөөктөрү үй-бүлөлөрүнө берилген жок.

Акыркы кездери RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы өлкөдө ооруканалар толуп калганын, маркумдардын сөөгү хлорго чыланган чүпүрөктөргө оролуп жерге берилип жатканын, көрүстөндөрдө жаңы жайлар көбөйгөнүн кабарлоодо. Бирок Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала электигин билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: