Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенттигине шайлоого катышууга эч нерсе тоскоолдук кылбайт. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев билдирди.
Ага ылайык, мыйзамдын талаптарына жооп берген ар бир жаран президенттикке талапкерлигин коюуга укуктуу. Анын ичинде Жапаров дагы.
«Бирок катышуучулар үчүн белгилүү чектөөлөр бар. Мисалы: курактык чектөө, (35 жаштан кичүү эмес жана 75 жаштан жогору эмес) жана жашаганга талап (талапкер өлкөдө жалпы 15 жыл жашаган жана Кыргызстандан башка жарандыгы жок болушу керек). Президенттин милдетин аткаруучуга дагы чектөөлөр бар.
“Эгерде Садыр Жапаров мамлекет башчысынын милдетин аткаруучунун функцияларын Жогорку Кеңештин төрагасына өткөрүп берсе, шайлоого катышууга укуктуу. Ошондой эле шайлоо учурунда премьер-министрдин милдетин убактылуу токтотушу керек.
Бул чектөөлөр шайлоонун таза өтүшүн, шайлоонун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды түзүүнү жана адамдардын аларга болгон ишенимин жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Бул чектөөлөрдү адамзат эчактан бери ойлоп тапкан. Алар Садыр Жапаровдун тарапкерлери үчүн ойлоп табылган эмес. Менин оюмча, ал шайлоого ишеним арткан адамдарга өзү кызыкдар болушу керек. Чындыгында, адилетсиз өткөн парламенттик шайлоонун айынан 5-октябрдагы окуялар болуп өттү”, – деп кошумчалады Текебаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ