Menu

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков онкологиялык оор дартка чалдыккан Баатырбек Баназаровдун үй-бүлөсүнө акчалай жардам көрсөттү

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков онкологиялык оор дартка чалдыккан Баатырбек Баназаровдун үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүп, 50 миӊ сом өлчөмүндөгү акчалай жардам анын энеси Саткын Баназаровго тапшырылды.

Баатырбек Баназаров онкологиялык дартка, тагыраак айтканда, көзүнүн алдындагы тери рагына чалдыккан. Ал өткөн жылдын аягында энеси менен бирге ордо калаага келип, Улуттук онкология жана гематология борборунда дарыланууда.

Ал эми мындай ооруну Индиядагы клиникалардын биринде дайрылай турганынан кабар алган соӊ, 2018-жылдын февраль айында дарыгери менен бирге индияга учуп барган. Бейтаптын алдында бир топ оор операциялар турат. Индиялык дарыгерлер адегенде дарттын өзүн дарылып, андан кийин пластикалык операцияларды жасоого убада берди.

Ошентип, Баатырбектин өзү Индияда дарыланып жаткандыктан, Жогорку Кеӊештин Төрагасынын материалдык жардамы анын энеси Саткын Баназаровага тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: