Menu

Ташкент циркинин мурдагы директоруна издөө жарыяланды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Ташкент шаардык циркинин мурдагы башчысы Бахром Мажидовго издөө жарыялады. 63 жаштагы аткаминер “Талоончулук” беренеси боюнча айыпталууда.

Мажидов буга чейин өзбек циркинин мүлкүн талоого айыпталып, тергөөгө чакыртылган. Өзбекстан Эл артисти Ташкент мамлекеттик циркин отуз жыл башкарган.

Маалыматтарга караганда, цирктин мурдагы директору 1 миллион сум өлчөмүндөгү акча уурдоого шектелүүдө. “Бул бир жыл мурун болгон. Азыр Мажидов кайда экенин эч ким билбейт. Кимдир бирөөлөр ал Москвада циркте иштеп жүргөнүн айтышууда. Өнөр адамы эч качан ишсиз калбайт. Бирок ал Ташкент циркин оор абалга алып келген. Учурда башка директор дайындалды, ал акырындык менен маселелерди чечүүдө”, – деди атын атагысы келбеген цирк кызматкери.

Цирктин башка бир кызматкеринин билдиришинче, Бахром Мажидовдун тушунда жаныбарларга эшектин эти берилип турган.

–Бир жолборс суткасына 6-7 килограмм эт жейт. Уй этинин ордуна аларга баасы эки эсе арзан эшектин эти берилип турган. Бирок документке уй этин сатып алдык деп жазып коюшчу. Циркте жаныбарлар көп. Эми мамлекеттин акчасын кантип уурдаганын ойлоп жатасызбы? Мындан тышкары Мажидов акробаттарды чет өлкөгө такшалууга жөнөтүп, бирок келишим боюнча бериле турган акчанын бир бөлүгүн өзү алып турган, – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: