Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-мартта, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилеринин алгачкы кеңешине катышуу үчүн Фергана шаарына (Өзбекстан) келди.
«Достук-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункттунда Өкмөт башчыны Андижан облусунун губернатору Шухратбек Абдурахмонов тосуп алды.
Премьер-министр Сапар Исаков Кеңештин жыйынына катышуу алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен тар курамда жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптык өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкө ортосундагы чек-ара кызматташтыгын мындан ары дагы өнүктүрүү боюнча перспективалар талкууланды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ