Жалал-Абад облусуна Бекмамат Осмоновдон кийин эл үчүн иштей турган жетекчи келбей, кайран эл өз “Каарманын” күтүп жүрүп зарыгып бүтмөй болду. Облустун аймагына коңшу өлкөнүн аскери техникасы менен чыгып, жолун тосуп алса, тоосун басып жатса да үн катууга дарманы жетпеген Жумагүл Эгембердиевадан кутулдук, эми анын ордуна кабинетинде жашынып олтуруп күн өткөргөн жетекчи эмес, эл аралап, көйгөй чечкен эркек келсе деген тилек жалалабаддыктарда бар болчу. Багы жокко дагы жок деген чын окшойт. Жалал-Абадга бул сапар да губернаторлуктан айтпады. Учурунда “Ата Журт” партиясынын камчысын чаап, кийин КСДПга кире качкан Кыянбек губернатор болуп чыга келди. Кыянбек Майлуу-Суу шаарында мэр болуп турганда ызы-чуулуу иштери көбүктөй калкып чыгып, мамлекетти бир жарым миллион сомго чейин зыянга учуратканы, ал иши сотко өткөнү тууралуу жазылган. Көчүгүндө калбыры бар кадрлар КСДПга кадыр алып келеби? Атамбаев өзүнүн аке досу Жусупжан Жээнбековду кайрадан Жалал-Абадга губернатор кылып дайындаса, иштин майын чыгара иштеп, бийликке да аброй алып келмек.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ