Menu

Ош мэриясы 100 күн паспорт текшерет

Бөлүшүү:

Ошто жарандардын документтери текшериле баштады. Мэриянын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова калаанын кварталдык комитеттерине жана аймактык кеңеш төрагаларына шектүү адамдардын паспортторун текшерүүнү буйруду.

Бөлүм башчы бул кулчулукка каршы күрөштүн 100 күндүгүнө карата аткарыла турган иш-чаралардын бири экенин айтты:

– Арабызда жүргөн шылуундар өтө көп. Бизнесим бар деп алдап коюп, белгисиз иштер менен жүргөндөр бар. Ар бир адамды күндө текшерип, эмне иш кылганын, паспортун катуу текшеришиңер керек.

Кечээ Ош шаарында кулчулукка каршы 100 күндүк акция башталган.

Акция учурунда айылдан келип, жогорку окуу жайга өтпөй калган жаштар үчүн чет өлкөгө барып, эмгек жана сексуалдык кулчулук курмандыгы болуп калуу жана ошондой эле жаш балдардын орган сатууга жөнөтүлүү коркунучу күч экени айтылган.

Расмий маалымат боюнча өткөн жылы Кыргызстанда 175 адам кулчулуктан куткарылган. Алардын тең жарымы кыз-келиндер. Адам сатуунун курмандыгы болгон жаш балдар да жок эмес. Бирок куткарылган адамдардын ичинен он чактысы гана укук тартибин коргоо органдарына кайрылып, бул иштер боюнча он кылмыш иши козголгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: