Menu

Өзбекстан ИИМинде ондогон жооптуу кызматкер жумуштан бошотулду

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавката Мирзиёевдин буйругу менен Ички иштер министрлигинин ондогон жооптуу кызматкери кызматтан алынды. Алардын арасында Кайгуул-күзөт жана коомдук тартипти сактоо кызматынын жетекчиси, Аскердик кароолдун башчысы да бар.

“Эркин Европанын” өзбек кызматынын жеке булактары кабарлагандай, кызматтан алуу жараяны – өзбек түрмөлөрүндөгү жана абактарындагы кыйноо, киши өлтүрүү, айрым кишилерди ири акчага бошотуп жиберүү жөнүндөгү маалыматтардан кийин башталды.

ИИМдин тергөө абагынын 9 кызматкери 2000 долларга күн сайын соттолуучуларга милиция формасын кийгизип, үйлөрүнө жеткирип турган. Алардын арасында президент тарабынан куугунтукталган мурдагы аткаминерлер да болгон. Бул тазалоого негиз болду, – деди өз булактардын бири.

Өзбекстан ИИМинин кызматкеринин бири жумуштан бошотулгандарга карата “Кызматтык шалаакылык” беренеси боюнча тергөө амалдары башталганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: