Дүйнөлүк Forbes журналы дүйнөдөгү бай мырзалардын ысымын атады. Бул тууралуу “LifeNews” басылмасы кабарлады.
Маалыматка караганда, аталган журналдын миллиардерлердин кезектеги 30-рейтингин жарыялады. Алардын башында 75 млрд доллары менен Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс турат. Андан кийинки орундарда өзгөрүүлөр болуп Zara компаниясынын негиздөөчүсү, испаниялык Аманси Ортега 67 млрд доллар байлыгы менен экинчи болуп жазылды. Ал өткөн жылы бул тизмеде 4-сапта турган. 60,8 млрд доллары менен белгилүү инвестор Уоррен Баффет өзүнүн өткөн жылдагы 3-ордун сактап калды. Ал эми өткөн жылдагы экинчи ордун жоготуп Карлос Слим Элу сапка 4-болуп жазылды.
Аталган рейтингге байлыгы 1 млрд доллардан кем эмес 1810 адам кирди.
Булак: Кабар
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ