Menu

Тажикстанда экстремизм үчүн соттолгон 11 кишинин өкүмүн кайра кароону сурашууда

Бөлүшүү:

Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясына катышы бар делип соттолгон Исфара шаарынын 11 жашоочусунун туугандары өкүмдү кайра кароо өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылышты.

Исфаранын 11 жашоочусу былтыр жайында тыюу салынган диний партияга мүчө болуу жана анын идеаларын калк арасында жайылтуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылышкан.

Жогорку Сотко арыз менен жактоочулар соттолгондордун бирөө гана ага мүчө болгонун, бирок 2015-жылы партиянын ишмердүүлүгүнө тыюу салынгандан кийин уюмдун катарынан чыгып кеткенин билдиришүүдө.

Соттолгондордун биринин агасы Рахимжон Розиковдун айтымында, анын бир тууганы дыйкан чарбасы менен алектенип келген жана экстремисттик ишмердүүлүктөн алыс болчу. “Кыш мезгилинде, айылда бардык иш бүтүп калганда алар аш жеп, баарлашуу үчүн чогулушчу. Мүмкүн менин иним ушундай отуруштардын биринде Курандын сүрөөлөрүнүн бирин аткаргандыгы үчүн күнөөлүү”,-деди ал.

Айыпталуучулардын жактоочулары Жогорку Сотко эки апта мурун арыз беришкен. Бирок азырынча жооп келе элек.

Маалыматтарга караганда, 11 кишинин үчөө Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү болгон, кийинчерээк калгандарын катарларына тартышкан. Алар “баарлашууну” шылтоолоп, партиянын жашыруун жыйындарын өткөрүп, экстремисттик идеаларды жайылтууга аракет жасап турушкан. Укук коргоо органдары аларды 2016-жылы мартта кармаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: