Тез жардам тобу добуш берүүгө келген шайлоочулардын бирин ооруканага жаткырды. Бул маалымат Бишкек шаардык тез жардам борборунан тастыкталды.
Тез жардам кызматынан билдиришкендей, чакыруу №47 орто мектепте жайгашкан шайлоо участогуна келип түшкөн. 74 жаштагы бейтап өзүн жаман сезип Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылды.
Эскерте кетсек, бүгүн, 4-октябрда, Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайлоо өтүп жатат. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Саат 08:00дө өлкө боюнча шайлоо участоктору ачылды.
Жалпысынан 34 тез жардам бригадасы нөөмөттө турушат, анын 24ү дарыгерлер; 10 фельдшер; 3 тез жардам кызматы резервде турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ