Menu

Чүй облусун башкарууга Алтынбек Намазалиевдин тажрыйбасы жетпей атат

Бөлүшүү:

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Алтынбек Намазалиевди кол астындагы акимдер тоготушпай, ар кандай оюндарды жасап атышканы угулууда. Жаш жетекчини баласынтышып, ырааттуу ишке тоскоол болуп атышса, жыргаган экенбиз! Миллиондон ашык калкы бар Сары Өзөндү башкаруу да оңой эмес, ар кыл тармакта көйгөйлөр арбын, улут аралык козутуулар да байма-бай чыгып турат. Мындай аймакка негизи тажрыйбалуу, төбөсү көрүнгөн, эл астында кадыр-баркы бар саясатчынын жетекчиликке келиши натыйжалуу болмок. Балким, Намазалиев келечекте мыкты жетекчи катары тажрыйба топтошу мүмкүн, бирок, азыркы шартта анын губернаторлук креслодо отурганы артка тартпайбы? Чүйдү бириктирүүгө, стабилдүүлүктү камсыздоого күчтүү фигура болбосо, эртеңки күнү нааразычыяыктар башталса, Алтынбек Намазалиев четке сүрүлүп калып, жогорку жетекчиликти уятка калтыргандан сырткары мамлекеттүүлүккө доо кетирип койбойбу?

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: