Аялдар үчүн эң кооптуу мамлекет – бул Индия. Аталган маалымат улуу британиялык социологдор түзгөн рейтингде жазылган. Маалыматка караганда, аталган өлкө жети жыл мурун 7-орунду ээлеп турган. «Индияда аялдарга карата сексуалдык маанайдагы кол салуулар, кыйноолор коп катгалат. Андан кийинки орундарда Ооганстан, Сирия, Сомали жана Сауд Арабиясы турат. 6-орунду Пакистан мамлекети ээлеген. 10-орунда АКШ. АКШнын аталган рейтингден алдыңкы орунду ээлешине шоу-бизнестеги аялдарга карата ыдык көрсөтүүлөрдүн көп болуп жаткандыгы себеп болгон» деп жазышат маалыматта.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ