Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Тажикстан бийлигинин бозгундагы эки диссиденттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлкөдөн чыгуусуна уруксат берген чечимин кубаттайт.
«Өтө кеч болсо дагы өкмөттүн катардагы жарандардын өлкөдөн чыгуусуна уруксат бергендиги туура чечим болду», – деп жазылган уюмдун 14-августтагы билдирүүсүндө.
Августтун башында тажик бийлиги Душанбе аэропортунда активист Шабнам Худойдодованын туугандарын каттамдан алып, аларды өлкөдөн чыгарбай койгон. Худойдодованын 10 жаштагы кызы, кары апасы жана иниси активист менен жолугуу үчүн Европага кеткени жатышкан. Кийин эл аралык коомчулуктун сынынан кийин өлкөнүн коопсуздук күчтөрү 11-августта ал үй-бүлөгө жаңы авиабилеттерди беришкен, деп билдирди HRW.
Тажик бийлиги мындан тышкары төрт жашар Иброхим Хамзанын чет өлкөдөн дарыланышына тоскоолдук кылып келген. 1-августта ал апасы экөө өлкөдөн чыгуу үчүн зарыл болгон документтерди алышкан. Хамзанын атасы Рухулло Тиллозода Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын алдыңкы мүчөлөрүнүн бири.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ