Menu

Тажикстанда президентти кемсинткен мигрант беш жарым жылга соттолду

Бөлүшүү:

Тажикстандын Муминабад районунун 30 жаштагы тургуну Умар Муродов президентти кемсинткени үчүн жана интернет аркылуу мамлекеттик түзүлүштү күч менен кулатууга үндөгөн чакырыктары үчүн 5,5 жылга эркинен ажыратылды.

1-августта чыгарылган соттун өкүмү бейшембиде күчүнө киргенин Хатлон облустун сотунан кабарлашканын “Азаттыктын” тажик кызматы жазды.

Маалыматка караганда, Умар Муродов Орусияда иштеп жүрүп, “Одноклассниктеги” баракчасына Тажикстандагы бийликти күч менен кулатууга чакырган видео жүктөп, өлкө башчысына акарат келтирген сөздөрдү жазган.

«Бул кылмыш үчүн мыйзамда катаал жаза каралган. Бирок сот Умар Муродовдун мыйзамды алгачкы жолу бузгандыгын, кылганына өкүнүп, Орусиядан өз эрки менен келгенин эске алды», — деп билдирди басылманын өз булагы.

Умар Муродов 12-июнда Москва-Куляб каттамы аркылуу мекенине келген кезде кармалган. Ал быйыл мартта Москвада тажик бийлигинин өтүнүчү менен кармалып, бирок жетиштүү далил жок болгондуктан бошотулган.

Умардын атасы Мурод Давлатов кылмыш жасаганын билип туруп уулу Орусиядан өз эрки менен келмек эмес деп эсептейт.

Тажикстан парламенти 2016-жылы күзүндө Кылмыш кодексине толуктоолорду киргизип, “Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсүнө, Улут лидерине” эл алдында акарат келтиргендерди жоопкерчиликке тартууну колдогон. Мындай аракеттерге барган кишилерди 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Тажикстанда президент Эмомали Рахмонго 2015-жылы “Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү – Улут лидери” деген макам берилген.

Тажик бийлиги Facebook жана “Одноклассники” социалдык түйүндөрүн бир канча жолу экстремисттик идеяларды жайылтууга айыптаган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: