Menu

Ракты чакыруучу тиричилик буюмдары

Бөлүшүү:

Айланабызда курчап турган буюмдар тууралуу канчалык көп билген сайын ошончолук зыяндуу заттардан арылгыбыз келет. Окумуштуулар эчак эле зыяндуу канцероген болгон формальдегид, триклозан, нафталин сыяктуу заттар адамда рак клеткаларынын ойгонуусун шарттайт экендигин далилдешкен. Учурда жогоруда саналган заттарды камтыган буюмдарды ар бир үйдөн кезиктирүүгө болот. Эгер сизде да төмөнкүдөй буюмдар болсо алардан арылууга шашылганыңыз оң.

Аба сергитүүчү жана тазалоочу химиялык каражаттар

Көкүрөгүңүздү кере аба сергитүүчү каражаттын жытынан дем алып ала турган болсоңуз жогорку дем алуу органдарыңызды жабыркатып алышыңыз толугу менен мүмкүн. Учурдагы заманбап абаны сергитүүчү чачкычтардын составында адамдын организминде залалдуу шишиктерди өркүндөткөн учуп жүрүүчү заттар бар.

Үйдөгү абаны тазалоонун, сергигүүнүн эң жакшы ыкмасы – лимондун же апельсиндин кабыгын кайнатуу. Ал эми ажаткана жана жуунучу бөлмөдө болсо өзүңүзгө жаккан эфир майын даарат кагазынын оролмосунун ички бөлүгүнө бир тамчы тамчылатып койсоңуз болгону. Ажаткана жагымдуу жыттанып турат.

Мындан тышкары тазалоочу химиялык каражаттар кирди жууп кетиргени менен зыяндуу. Колдон келсе натуралдык каражаттарды колдонгонго жетпейт.

Тиш жуучу паста жана ооз чайкаган суюктук

Тиш жуучу пастанын курамында кеңири болгон – триклозан жана фторид дагы организмге өтө зыяндуу. Бул кошулмалар адамдын организминде чогула берүүчү касистке ээ. Ачык түстүү боекторго бай тиш жуучу каражаттарды кооздугуна карап, пайдалануудан алыс болуңуз.

Анын ордуна органикалык заттарды камтыган каражаттарга басым жасаш керек. Ошондой эле оозду чайкаган ар кандай суюктуктар азыр дүкөндөрдө кыдырата тизилип турат. Бирок булардын пайдасынан зыяны көбүрөөк.

Тефлон менен жабдылган идиш аяктар

Заманбап жашоодо көпчүлүк казан-аяктар тефлон сыяктуу түрдүү каптамалар менен сатыкка чыгып жатат. Тефлон менен жабдылган көмөч казан, казанга тамак-аш бышырууда астына алып, күйүп калбайт жана аз гана өлчөмдөгү майда тамак жасоого мүмкүн. Бул жакшы жагы. Ал эми эгер ошондой идиш-аяк кичине гана чийилип калса ошол жерден организмге уу катары таасир эткен перфтороктан кароон кычкылы бөлүнүп чыга баштайт. Ошондуктан сапаттуу идиш-аяк колдонгон ден соолукка пайдалуу.

Эски, кир бут кийим

Үйгө кирип, бут кийимди чечкен соң дароо аны атайын текчеге койгон оң. Анткени эшикте керели кечке ар кайсы жерди басып жүргөн бут кийим менен кошо үйгө бир далай микробдор келиши мүмкүн. Булардын арасында пестицидден баштап, зыяндуу коргошун кошулмалары болушу мүмкүн. Кээ бирөөлөрдүн эски бут кийимдерди сактай берүү адаты бар. Эски бут кийимдердин таманынан үйдүн атмосферасын булгоочу зыяндуу заттар бөлүнүп чыга баштайт. Ден соолук керекпи же эски бут кийимби, өзүңүз чечесиз.

Кадимки нафталин

Нафталин ак түстөгү жаман жыттуу кристалл зат. Бул техникада, медицинада пайдаланылат жана жүндү, жүндөн жасалган затты, ашатылбаган терини күбөдөн сактоо үчүн бүгүнкү күндө дагы колдонулат. Бирок тилекке каршы нафталинди официалдуу түрдө рак клеткаларын ойготуучу каражаттардын катарына кошулгандыгынан көпчүлүктүн кабары жок. Күбөдөн коргонуу үчүн лаванда, цитрус же болбосо кадимки жаңгактын жалбырактарынан өткөн пайдалуу каражат жок. Нафталинди колдонуудан алыс болуңуз.

Кооздук үчүн шамдар

Азыркы учурда кооздук үчүн шамдардын ар кандай түрлөрү чыгарылат. Шамдын бекем болуусу үчүн курамына коргошун кошушат. Шам күйүп турган маалда коргошундун кошулмалары абага тарап, адамдын организминде тынчсызданууну жаратат, гормоналдык дисбаланс пайда болуп, балдардын окуу, кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн бузат. Ал эми организмде коргошундун чогулуусу рак клеткаларынын өркүндөөсүнө өбөлгө түзөт. Ошондуктан кооз шамдарды өз колуңуз менен жасап алганга жетпейт.

Дезодорант жана антидепрессанттар

Терчилдикке жана жагымсыз жыттардан арылууга жардам берген дезодорант жана антидерспиранттардын курамында алюминий, фталат жана триклозан бар. Бул заттар адамдын организми үчүн зыяндуу. Айрыкча айымдар колтукка сүрткөн дезодоранттардан чукул убакытта арылгандары жакшы. Себеби анын составындагы алюминий көкүрөк рагынын пайда болуусун шарттайт. Анын ордун курамы органикалык заттарды камтыган башка каражатка алмаштырган жакшы.

Тамак-аш жана суусундкка арналган пластик идиштер

Бир колдонууга ылайыкталган тамак куюучу же болбосо суусундуктар куюлуучу желим бөтөлкөлөр организмге өтө зыяндуу экендиги далилденген. Ошондуктан акыркы убакытта дүйнөдө өнүккөн мамлекеттер пластиктен акырындык менен баш тартышууда. Желим буюмдардын курамындагы фталаттар жана бисфенол А организге өтө зыяндуу. Тамак-ашты желим контейнер сатып алуудан, анда жылытууда баш тартуу керек. Алардын ордун айнек идиштерге алмаштырсаңыз ден соолугуңузга эбегейсиз жардам берген болосуз.

Кир суу

Кадимки чоргодон аккан суу баарыбыз таза деген ниет менен маарабай колдоно берчү адатыбыз бар. Бирок ошол таза делген суунун курамында оор металл, хлор сыяктуу көптөгөн химиялык аралашмалар бар. Андыктан сууну шашпай филтрден өткөрүп колдон бир кыйла пайдалуу. Колдон келсе ичүүчү сууну гана чыпкалоодон өткөрбөй жуунуучу бөлмөгө дагы чыпкалоочу жабдыктарды орноткон талапка ылайык.

Боектор жана лактар

Тырмак үчүн арналган кадимки жөнөкөй лактардан тарта, курулуш иштери үчүн арналган боектор, сырдоочу лактар өз курамына адамдын организмине зыяндуу болгон заттарды камтыйт. Кооптуу химиялык заттар – канцерогендер, бизге кадимки күнүмдүк буюмдардын катарына кирген каражаттардын курамына камтылган. Алардан бөлүнгөн уулуу заттар адамдын клеткасынын ДНКсын өзгөртүп жиберүүгө таасир эте алышат. Муну сиз сырдалган бөлмөдө бир аз убакытка кармалсаңыз эле сезе баштайсыз. Адамда баш оору менен бирге, кусуу, жүрөк айлануу сыяктуу көрүнүштөр байкала баштайт.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: