Menu

Чехиянын Кыргызстандагы гидроэнергетика долбоору үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Бөлүшүү:

Кыргызстан өкмөтү Чехия менен чакан гидроэнергетика багытындагы кызматташтык келишимин кабыл алууну убактылуу токтотту. Бул туурасында Экономика министрлигинин бөлүм башчысы Уран Чекирбаев билдирди.

Анын айтымында, кыргыз гидроэнергетикасына кызыкдар жаңы компаниялар пайда болду. Бирок алар кайсы компаниялар экендиги азырынча белгисиз.

Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү Чехия инвесторлору менен Киров, Орто-Токой, Папан жана Төрт-Көл суу сактагычтарында чакан ГЭСтерди куруу туурасында макулдашкан болчу.

Станциялардын жалпы кубаттуулугу 158 мегаватт. Долбоорлордун наркы 190 миллион долларды түзүп, жалданма эки компания иштемек. Бирок министрлер кабинети маселени кечеңдетсе, бул долбоор үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев пландардын өзгөрүшү Орусия тараптан болгон кысымдан улам болушу ыктымал экендигин айтты. Бирок чиновниктер бул пикирди четке кагып, келишимге кол коюунун кармалышын формалдуу себептерге байланыштырууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: