Menu

Тажикстан Коргоо министрлиги күзгү аскердик чакыруу 80% аткарылганын билдирүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстан Коргоо министрлиги күзгү аскерге чакыруу ыктыярчылардын эсебинен 80% аткарылганын маалымдады. Бирок айрым жашоочулар уландарды армияга күч менен алып кетүү тажырыйбасы уланып жатканына нааразы.

Хатлон облусунуна караштуу Яван районунун тургуну Тошмад Барпиев 13-октябрда аскердик комиссариаттын кызматкерлери 23 жаштагы уулун армияга зордоп алып кетишкенин кабарлады.

«Уулумду кармашып, кылмышкер катары алып кетишти», – деди ал.

Яван районунун аскердик комиссариатынын башчысы Шахоб Мирзоевдин айтымында, Баходур Барпиевге мурда эле аскерге чакыруу кагазы жөнөтүлгөн, ал келген эмес. Буга байланыштуу акт түзүлүп, материалдар милиция бөлүмүнө тапшырылган.

Бирок Тошмад Барпиев уулуна эч кандай чакыруу келбегенин билдирди. Ал жашаган мааленин башчысы Нурали Кукузов дагы муну ырастап, Баходур Барпиевди алып кетүү үчүн келген кишилер эч кандай документ көрсөтүшпөгөнүн, жигитти күч менен алып кетишкенин айтты.

Бул арада Тажикстан Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Фаридун Махмадалиев бул окуя боюнча эч кандай расмий арыз түшпөгөнүн маалымдады.

Анын билдиришинче, 30дан ашуун шаар жана райондор планды аткарышты, бул жылы ыктыярчылар көп болду.

Тажикстанда аскерге чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу — жазында жана күзүндө болот. Мыйзам боюнча 18ден 27 жашка чейинки жигиттер аскерге барууга милдеттүү.

https://www.centralasian.org/a/30898332.html

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: