Menu

Сооронбай Жээнбековдун эки жылы: өлкөнү тоноп келген кылмыштуу режимдин ойрон болушу жана бийликке карата эл ишеничинин кайтарылып келе башташы…

Бөлүшүү:

Кечээ Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайлангандыгына туптуура эки жыл толду. Анын бул мезгилдин ичиндеги элге жаккан, мурдагылардан кескин өзгөчөлөнгөн иштери, биринчи кезекте коомдо адилеттүүлүк, мыйзамдуулук бекем орноп, мамлекеттик жана муниципиалдык органдардын элдин кызыкчылыктары үчүн иштөөсүн камсыз кылууга жан үрөп киришип, алгачкы ийгиликтерге жетишкендигинде болду.

Арыз-даттанууларга, адилетсиздерге өзгөчө көңүл бурууда

Мамлекеттик машина – аябагандай татаал механизм, аны бир инерциядан чыгарып, экинчи сапаттык ыргакка киргизүү үчүн кыйла убакыт, туруктуу күч аракет талап кылынат, бирок эки жылдын ичинде аракеттеги президент чындыгында эле мурдагы чейрек кылымга барабар иштерди аткаргандыгын баса белгилеп кетишибиз керек. Анткени, Кыргызстандын жаңы тарыхынан бери, эң эле жумшак айтканда, элдин арыз-даттануулары менен иштегенге көңүл деле бурулбай калган. Жер-жерлерден арыздар келип түшсө, аларды жакшылап карабай туруп эле тийиштүү тармактарга, жергиликтүү  бийлик органдарына жөнөтүшчү. Алар арыз ээлерине дүжүр чүргөй салмаларды кармата коюп кутулушчу. Ошондон улам элдин эң жогорку бийлик органдарына ишенимдери азайып, “арыздансаң деле эч нерсе чыкпайт, аны кайра сен даттанганга жөнөтүшөт,”- деп, бир бөлүгү өз көйгөйлөрүн башка жолдор менен чечүүгө аракеттенишсе, калгандары жемкорлукту, бюрократиялык, туугандык, кландык көрүнүштөрдү, “круговая поруканы” көндүм нерседей эсептеп калышкан. Акаевдин убагында элдин 80 пайызы укук коргоо органдарына ишенбесе, ал андан кийинки мезгилде андан да өскөн. Же тайсалдатпай түз айтсак, “бир нерсе бермейинче эч нерсе бүтпөйт” деген көз караш коомдо бекем орноп калган. Тилекке каршы, ал негизинен 95 пайыз чын болгондугун моюнга алышыбыз керек.

Сооронбай Жээнбеков кызматка киришкенден тартып, элдин арыз-даттанууларына, өтүнүч-талаптарына өзгөчө көңүл бурууда. Ал биринчи кезекте 2010-жылдан бери жабылган жана токтотулган кылмыш иштеринин бардыгын кайра текшертти, элден түшкөн арыздардын негизгилерин жеке өзү карай баштады. Жер-жерлерде эл менен жолугушканда эң кеминде эки сааттан элдин суроолоруна жооп берип, арыз-даттанууларын, талаптарын укканды адатка айландырды. Элестүү айтканда, бардык тармактарды сары чырмооктой чырмап, элдин канын соруп, коомду тумчуктуруп, мамлекетти өнүктүрбөй келген коррупциянын тамырларын жулуп, аны Авгийдин атканасындагыдай акыр-чикирлерден тазалоодо.

Эң башкы аргумент – экономика!

Мындай тазаланып, жаңылануулар коомдо аздыр-көптүр иштиктүү кырдаалды жаратып, экономиканы, социалдык чөйрөдөгүлөрдү өнүктүрүүгө мыкты өбөлгө болууда. Анын эң башкы аргументи катарында өткөн жылдын 9 айынын жыйынтыктарын көрсөтсөк болот. Өткөн жылдын окшош мезгилине салыштырганда өлкөнүн ички дүң жыйымы 6,1 пайызга өстү. Мында негизги тармактар болгон өнөр жайындагы, айыл чарбасындагы, курулуштагы өнүгүүлөр чеке жылытарлык. Акыркы эки жылдан бери айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү 1,6-2 пайыздан көбөйүүдө. Бул айыл чарбасы талкаланып, мануфактуралык өндүрүшкө айланып кеткен биздин айыл чарбабыз үчүн жакшы көрүнүш.

Сырттан түз инвестиция тартуунун көлөмү 60 пайызга көбөйдү. Мурда оор шарттарда алынган кредиттер деле инвестициялар катарында эң жогорку трибуналардан айтыла берилсе, андай элди алдоого чекит коюлду. Гранттардын, кредиттердин бир бөлүгүн бюджеттин таңсыктыгын жабууга жумшоо да токтотулду. Сырттан тартылган каражаттар экономиканын реалдуу секторундагы долбоорлорду каржылоого гана жумшалууда. Мындан үч жыл мурда бюджеттин таңсыктыгы 20-21 млрд. сомду түзсө, быйылкы жылда ал эки эсеге азайтылды. Келерки жылга карата бюджеттин таңсыктыгын биротоло жоюу каралууда. Же экономикадагы, социалдык саясаттагы “чөнтөгүңө карата иш кыл, төшөгүңө жараша бут сун” деген негизги принцип ишке ашууда. Өлкөнүн ички дүң жыйымына карата карыздар жылдан жылга азайууда. Алсак, ал 2018-жылы 48 пайызды түзсө, быйыл 46 пайызга түштү. Ал эми келерки жылы 43,5 пайыз болушу күтүлүүдө. Бул өлкөбүз сырткы карыздардын сормо сазынан акырындап суурулуп чыгып бараткандыгын айгинелейт.

Мына ушул эле мезгилде товарларын экспортко чыгаргандарды, кайра иштетүү ишканаларын, энергетика жана жыйнап-куроо тармагында иштегендерди киреше, сатуу, мүлк салыктарынан бошотуу, машина трактор станцияларынын, соода-логистикалык борборлорунун, айыл чарба кооперативдеринин салыктарын жеңилдетүү, жер салыктарын толугу менен жергиликтүү бюджеттерде калтыруу, ата мекендик айыл чарба продукцияларын кайра иштеткендердин кошумча нарк салыктарын 80 пайызга азайтуу боюнча чечимдер кабыл алынды. Ошол эле мезгилде мугалимдердин, күч органдарында, саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштегендердин айлыктары, пенсиялар, жөлөк пулдар жогорулатылды. Мындай чаралар аркылуу мамлекет жалпы көлөмү 13 млрд. сомго жакын кошумча милдеттенмелерди алды. Экономикада алгылыктуу жылыштар болбосо, алар аткарылмак эмес.

Жалал-Абад облусунда баалуу металлдарды өндүрүүчү “Куру-Тегерек”, “Кичи-Чаарат” ишканалары ишке киргизилип, Кадамжайдагы сымап комбинатынын иши жанданууда. Келерки жылга карата Жерүй алтын кени ишке киргизилип, Макмал алтын кени модернизацияланганы, дагы бир катар кендерде курулуш иштери башталганы турат. Өткөн жылдын  ичинде 200дөн ашык ишканалар ишке киргизилип, жаңыдан 35 миңге жакын жумушчу орун түзүлдү. Быйыл жаңы ачылган ишканалардын саны алгачкы жарым жылдыкта эле 120дан ашты, жыл аягына чейин 250гө чамалашы толук мүмкүн.

Санариптештирүүдөгү революциялык өзгөрүүлөр

Кыргызстанда өлкөнү туташ санариптештирүү саясаты кулач жайды. Ага мисал катарында “Түндүк”, “Коопсуз шаар”, “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри”, “Тартип бузуулардын бирдиктүү реестри”- долбоорлорунун тездикте ишке ашырылып, мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн көпчүлүгү санариптештирүүгө, “Бир терезе” принцибине, төлөөлөр, чегерүүлөр дистанттык электрондук формаларга өткөрүлүп жаткандыгын көрсөтсөк болот. Бул бир жагынан коррупциялык көрүнүштөрдү азайтса, экинчи жагынан элдин түйшүктөрүн жеңилдетип, убакыттарын үнөмдөөгө өбөлгө түзүп атат.

Алсак, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында байкоо камералары орнотулган жерлерде автокырсыктар 40-50 пайызга азайды. “Түндүк” долбооруна 50гө жакын мамлекеттик орган кошулду, алардын катарлары күн санап артып баратат. Жер-жерлердеги соттордо соттук кароолорду видео байкоо аркылуу жүргүзүү башталды. Келерки жылдын аягына карата республикадагы бардык мектептерди интернетке туташтыруу аяктаганы турат. Азыр республиканын бардык аймагын кеңири тилкедеги интернет менен камсыз кылуу активдүү жүргүзүлүп атат. Эгерде ал толук ишке ашса, керектөөчүлөр арзан жана ылдам, сапаттуу жана ишенимдүү интернет менен камсыз болуп, бүткүл дүйнөлүк глобалдуу тармакка жана магистралга кошулат. Мында биринчи кезекте билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, телекоммуникациялар, банктык чөйрө, жеңил өнөр жайы, курулуш жана айыл чарба тармактарына байланышкандарды артыкчылыктуу кошуу жүргүзүлөт.

Санариптештирүү коррупцияны азайтып, аймактарды өнүктүрүүгө чоң түрткү берүүдө

Мындай көрүнүштөр коррупцияны өзүнөн өзү азайтып, аймактарды өнүктүрүүгө аябагандай чоң дем берүүдө. Адамзаттын тарыхында мурда шаарлар пайда болгондон бери айылдар коммуникациялык жана маалыматтык, билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматтарынан пайдалануудан артта калып, мындай өзгөчөлүктөр түбөлүктүү нерселер катарында эсептелип келсе, айыл-кыштактарды туташ санариптештүрүүнүн аркасында алардын көбү жоюлганы турат. Айылда жашагандар деле дүйнөдө болуп жаткан окуялар, илимдин жана билимдин, ар тармактардын жетишкендиктери менен шаардыктар менен бир убакта таанышышып, каалагандары дистанттык формаларда билимдерин улантканга мүмкүнчүлүк алышат.

Эгерде коррупциялык мүмкүнчүлүктөрү бар кызмат көрсөтүүлөрдүн бардыгы дистанттык формаларда чечиле баштаса, жемкорлук өзүнөн өзү азайганга өтөрү шексиз. Кызмат көрсөтүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосунда түздөн түз контакт болбосо, коррупция кайдан жаралмак эле? Президент С.Жээнбеков дайыма көп кайталагандай, жемкорлукка тиешеси барларды жазалоо менен гана чектелбестен экономикадагы, социалдык чөйрөдөгү “бермей-алмайлардын” мүмкүнчүлүктөрү азайтылса эле, жемкорлук акырындап өзүнөн өзү жоюлат. Мыйзам бузгандар, элдин, мамлекеттин энчилерине кол салгандар, албетте, мыйзам чектеринде өз жазаларын алуулары зарыл. Бирок, жыйынтыктар менен күрөшкөнгө салыштырганда – алардын себептерин жок кылган кыйла натыйжалуу болору эч кимде шек туудурбайт.

Акыркы убактарда жер-жерлердеги дыйкандарды, фермерлерди, чакан ишканалардын ээлерине жеңилдетилген кредиттик, гранттык мүмкүнчүлүктөрдү ачуу боюнча аябагандай көп иштер аткарылды. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду, “Айыл банк”, РСК банк сыяктуу каржылык мекемелердин ресурстарынын көпчүлүгү, аймактарга, айыл кыштактарга бурулууда. Кепилдик фондунун капиталы кескин көбөйтүлдү. Алардын үстөктөрү жылдан жылга төмөндөтүлүп, бюрократтык тосмолору азайтылууда. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин арттыруу боюнча да натыйжалуу чаралар көрүлүүдө. Жандык киреше салыктардын 2 млрд. сомдон ашык бөлүгү жергиликтүү бюджетке калтырылып, республикалык бюджеттин эсебинен ондогон мектептер, балдар бакчалары, ооруканалар, ФАПтар, курулууда. Жер-жерлердеги ишканаларды курууга республикалык бюджеттен быйыл 2,1 млрд. сом каралды. Быйыл ушул мезгилге чейин бюджеттин эсебинен 360 чакырымга жакын жол асфальтталды. Элүүгө жакын мектеп курулуп бүткөрүлдү жана жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Мамлекеттик ипотекага 500 млн. сом бөлүндү, дагы бөлүнөт. Келерки жылы көлөкөдөгү экономикадагылар үчүн бир жылдык амнистия жарыяланганы жатат. Ал деген, буга чейин өндүрүштөрүн алык-салыктарын төлөбөй келгендер ачыкка чыгып, мыйзамдуу жолго түшүшсө, алардын буга чейинки иштери каралбайт, мыйзамдык жактан куугунтукталбайт дегенди билдирет. Мындай чаралар өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбаларында көп болгон.

Бир сөз менен айтканда, мамлекет артыкчылыктуу делген долбоорлордун дээрлик бардыгына каражат таап, каржылоодо. Мындай чаралар дароо болбосо да, үч-төрт жылдын ичинде өз натыйжасын сөзсүз берет.

Тышкы мамилелер жөнгө салынды

Мурдагы президент кызматтан кетээрине аз калганда жакынкы эмес, алыскы шериктештердин айрымдары менен да иштиктүү мамилелерди бузуп, чатакташып кеткендигин, анын айынан айрымдар биздин экспорттук жүктөргө каршы блокадаларды уюштургандыгы эсибизден чыга элек. “Ороңдогонуң он тыйынга зыян” дегендей, ишкерлерибиз ондогон миллион сомдук зыяндарды тартып, түрк элдердин лидери болгон Түркия менен да мамилебиз бузулган.

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришери менен Түркия, Казакстан, Өзбекстан менен болгон мамилелерди тез аранын ичинде калыбына келтирип, иштиктүү жолго салды. 2018-жылдын ичинде эле онго жакын мамлекетке расмий иш сапарлар менен барып келди. Ал эми быйыл Россиянын президенти Владимир Путиндин, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапарлары, Сооронбай Жээнбековдун өзүнүн Германияга, Швейцарияга, дагы бир катар Батыш өлкөлөрүнө жасаган расмий иш сапарлары анын триумфу болду десек жаңылышпайбыз.

20-сентябрда В.Путиндин жеке чакыруусу менен Россиянын Оренбург облусуна барып, аскердик окууга күбө болуп келди. Ал жерде да орус лидери менен эки өлкөнүн кызматташуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өлкөбүздүн экономикалык абалына оң таасир этчү макулдашууларга жетишкендиги талашсыз. Бул факт Россия менен Кыргызстандын достук, өнөктөштүк мамилеси эң жогорку деңгээлге экендигинен, В.Путиндин кыргыз президенти менен иштешүүгө, кызматташууга кызыкдарлыгынан дагы бир жолу кабар бербейт койбойт.

Ички ийгиликтер инвестициялык кызыкчылыкты арттырууда

Өлкөбүздө бизнеске ыңгайлуу шарттарды түзүү, аларды коргоо, салыктык режимдерди жеңилдетүү, инфра түзүмдөрдү өнүктүрүү сөзсүз сырттагы по-тенциалдуу инвесторлордун да көңүлдөрүн буруп, алардын бизге карата ынтаа ыкластарын арттырууда. Анын эң ынанымдуу мисалы катарында быйыл Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында жалпы көлөмү 6,2 млрд. долларлык, ал эми Кытай Эл Республикасынын төрагасы СИ Цзиньпиндин мамлекеттик иш сапарынын алкагында 7,6 млрд. долларлык, президент Сооронбай Жээнбековдун Европа өлкөлөрүнө жасаган иш сапарында 1 млрд. евролук макулдашууларга кол коюлгандыгын айтсак болот.

Кыргызстандын көз карандысыздыктан берки тарыхында бир жылдын ичинде мындай өлчөмдөгү инвестициялык долбоорлорго кол коюлган учуру болгон эмес. Бул Кыргызстандын инвестициялык имиджи мурдагы жылдарга салыштырганда кескин жакшыргандыгын гана эмес, дүйнөлүк ири державалар, алыскы, жакынкы өлкөлөрдөгүлөр учурдагы президент менен иштешүүгө чындап ыклас кылып жатышкандыгын да айгинелейт.

Ток этерин айтканда, Сооронбай Жээнбековдун президенттик эки жылы жемиштүү болду. Ал өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө эң сонун өбөлгөлөрдү түздү. Алдыдагы милдет, мына ошол саамалыктарды мындан ары өнүктүрүп, бекемдөөдө, элдин турмушун өзү шайлоо убагында убада кылгандай, эки эсе жакшыртууда турат. Ага толук мүмкүнчүлүктөр бар.

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: