Menu

Азыркы Дүйшөндүн каты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева өзүнүн “Фейсбуктагы» баракчасына алыскы тоолуу аймактагы мектеп директорунун ага жазган катын «Азыркы Дүйшөндүн каты” аталышта жарыялады. Өтө кызык экен, бир дем менен окуйсуң.

Ымандай сыр жазылган мугалимдин катын төмөндөн толук окуңуз:

Иштер жакшы, акырын жүрүп жатат. Мектептин түйшүгү кээде оор, кээде иштен эргүү алганда жеңил сезилип калат. Мугалимдеримдин тең жарымы союздун кадрлары, алардан көп нерсени үйрөндүм. Мезгил келип мугалимдер коомдун эң алдыңкы адамдары болуп калган заман да келээр…
Аида эже, директор болуп таза иштедим, бирөөнүн бир сомун албадым, мен жокто үйгө параларын (союш, белек, же акча… ) алып келишет эле, кайра аларды үйлөрөнү жеткирип берип, пара сунуштаган кадрларды жумушка кабыл албай коер элем.
Мектептин айнектерин проект менен пластикке алмаштырдык, тендерден уткан бала “50 000 сом берейин, 3 тилкелүү (кытайдын) пластигин коюп берейин” – деп шымаланат. Ага “төрт тилкелүү пластик коесуң, 50 000 сомун ашып жатса, 50 подоконник кошуп жасатып бер”, – деп бир сомун албай жасаттым. Быйыл мектептин чатырын стим.гранттын эсебинен жаптырдык, ал да бир топ түйшүк, тоскоолдуктар менен ишке ашты. Утуп алыш үчүн фирмалар алдын ала жакындарым аркылуу ар кандай суммадагы акча каражатын сунуш кылышты, баш тартып тендердин талабы боюнча өткөрдүк. Утуп чыккан фирмадан (подрядчиктен) мыйзам жана проект боюнча талап кылып туруп алдым. Чатыр чынында аябай сапаттуу жабылды. Иш учурунда “эски жыгачтарын калтырып, тыныкенин жукараагын жабайлы, ким көрмөк эле”, – деп “акылдарын” айтып, ар кандай жолдор менен азгырууга айыл өкмөт башчысы баш болуп кыйыр түрдө аракет кылышты. Бирок ошондо да иниңиз көктүк кылып чатырдан түшпөй туруп алды. Акыры мага ынанышты, акыры мен талап кылгандай жаап беришти.
Аида эже, жалгыз айланамдагылар менен күрөштүм, туруштук берүү кыйын экен, күн өткөн сайын канатым кайрылып (дегеним, комиссиядан чыгарышты, чакырбай эле өздөрү чечип, ж.б.у.с) баратат… Кайсы күнгө чейин туруштук берип иштейт экенмин, айтуу кыйын… Бирок таза болсоң эл, коомчулук баалайт экен, мен үчүн ошол сыймык! Райондук билим берүү бөлүмүнүн тендерди өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсү болчум, жылда эле мектептерге “таза краска алабыз” – деп талаша берчи элем, быйыл негедир комиссиядан чыгарып коюшуптур, унчукпадым.
Айлыгымдын кайсы бир бөлүгү мектептин көрүнбөгөн чыгымдарына кетип калат экен, анан үйдө жетишпестик, бала-чака чоңойгон сайын муктаждык да көбөйдү.
Мунун баарын сизге эмне үчүн айтып жатканым түшүнүксүз, эгер убактыңызды алсам, кечирим сурайм. Бирок, сизди жакын тутам, тазалыктын символу катары көрөм, сиз да мага окшоп жанагыдай ыплас иштерден алыс деп ойлойм!
Кенедей мектептин чатырын жабууда жеке кызыкчылык, кызыл кулактык болооруна көзүм жетти, а бүтүндөй өлкө боюнча мындай иштердин канчасы ишке ашууда?..
Чатырды жапкандар “мынча мыгынан бери кириштин, мектеп сенин үйүн беле?”, – деп жанды чыгарат, аларга: “Ооба, мектеп үйүм, бул жерде мен окуганмын, бул жерден эртеңки биздин өлкөнүн келечеги көрүнүп турат, мен аларга кыянаттык кыла албайм”, – деп айттым. Бирок, аларды ишендире, ынандыра алдым, жыйынтыгында жакшы жаап беришти.
Дагы бир окуя: кышында сапожка алайын деп базарда жүрсөм, завхозум чалып, “суу айдаган насос күйүп кетти, эптеп ала кел”, – деп калды. Сапожка албай 5000 сомго насос алып келип орноттук, жакшы эле иштеп жаткан. Анан баягы катуу суукта кароолум тоңуп калган насоско кайнак суу куюп муздарын эритпей эле токко сайып жибериптир. Ишке барып насос күйүп калды деген кабарды угуп алып, техкызматкерлерди чогултуп, “сапожка алайын деген акчама насос алып келдим эле”, – деп ыйлагам. Ошол учурду эстеп алып кээде күлкүм келип, кээде зээним кейип кетет. Азыр да насос күйүп калса сантехнигим “директор сапожка албай койсо, насос бар”, – деп күлдүрүп калат.
Аида эже, бизге тез арада өзгөрүүлөр керек… Бирок, күн өткөн сайын үйдөгү жана сырттагы турмуштук керектөөлөр, менин айлыгымдын шаштысын алууда. Кээде паракорчулук, аксымдуулук деле жетишпестиктен чыгат окшойт деп ойго батам, бирок, Аида эже, ымандай сырым: эч кимден эч кандай нерсе албадым, кудайдын жана өлкөмдүн алдында тазамын. Туура, кээде кандайдыр бир каражаттар ишке ашып калат, алардын баарын мектептин кызыкчылыгы үчүн жумшап салам.
Менин жазгандарымды окугандан кийин сиздин кандайдыр бир реакция кылышыңыздын деле кажети жок, болгону бул менин ички сырым, бугум, угуп гана койсоңуз… Анткени, сизде кайсы бир деңгээлде өлкөнүн тагдырын чечүү, өнүктүрүү, же болбосо алдыга сүрөй турган дем-күч, эрк жана билим бар. Албетте, менин акылыма сиз муктаж деле эмессиз, мен айткан көйгөйлөрдүн көбү менен сиз жакындан таанышсыз, аны чечүүнүн жолдорун сиз көп жолу айтып келе жатасыз. Эми токтотоюн, сиздин ансыз деле убактыңыз аз.
Сиз жалгыздай сезилесиз. Сиз таза болуңуз, кайсы бир күнү чыгаандар чыгат, баарын тазалап, бакубат өлкөнү курууга киришет“,-деп бүтүргөн катын мугалим.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: