Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясында ар кайсынын башын кошуп, мыйзам токуганга айбай маш болгон бир “эрке” депутат бар, Кожобек Рыспаев деген. Ошол киши Бишкектеги көп кабаттуу турак үйлөрдө берилип жаткан күнүмдүк мейманканаларды жабуу боюнча мыйзам жазыптыр. Анысын парламенттин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетине алып чыкты эле, депутаттар бир карап көрүп, “мунуң жарабайт, жакшылап иштеп, күзүндө алып кел” деп артка кайтарышты. Кожобек мырзанын айтымында, көп кабаттуу үйлөрдөгү күнүмдүк мейманканалар ал жерде жашаган адамдардын тынчын алып, түн уйкусун бузуп жатыптыр. “Бул жерлерге уктап эс алганы эмес, уйкудан безгендер гана келет экен. Ошондуктан, мындай мейманканалардын кереги жок”, – деди Рыспаев. Ал эми комитет төрагасы Нурлан Макеев аларды жаап салуу менен эле көйгөй чечилип кетпесин айтып, анын башка механизмдерин дагы иштеп чыгыш керектигин билдирди. Ошентип Рыспаевдин чийки мыйзамы күзүндө каралмай болду.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ