Рыбачье – Жел-арык темир жол участогу убактылуу жабылды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.
“Аталган участокто 8 жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кеткен. Учурда кырсыктын себептери такталууда жана темир жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө” – дейт билдирүүдө.
Кырсыктан жапа чеккендер жана жабыркагандар жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ