ЖЭБдеги коррупция боюнча «Электр станциялар» ишканасынын жетекчиси Узак Кыдырбаев темир торго кирери менен анын ордун Аскар Эшимбеков деген эргул ээлеген эле. Аскарды жакындан таанып-билгендер ошол маалда шыпшынып, мындан башка кадр табылбай калдыбы дегенин укканбыз. Көрсө, Эшимбеков энергетика тармагында 33 жылдан бери иштеп, кайсы жерден кан соргонду билип, коррупцияга каныгып бүткөн неме экен. Бүгүн көнгөн адаты менен жемкорлуктун торун жайып, «шабашканын» араанын ачканы каңкууланууда. Аталган тармактын ийне жибине чейин өздөштүргөн бул эргулдун былыктуу иштерин органдар качан иликтейт? Же, «бармак басты, көз кысты» саясаты калкалап калуудабы?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ