Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында атайын операциясы учурунда жабыркаган жарандардан кабар алышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Ал жабыр тарткан жарандарга квалификациялык медициналык жардам көрсөтүүнү жана зарыл болгон дары-дармек менен камсыздоону тапшырды.
Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, жабыркагандарга медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүп жатат, алар бардык керектүү дары каражаттары менен камсыздалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ