Menu

Нарын облусунда абал туруктуу, эч кандай жол жабуу болгон жок

Бөлүшүү:

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишин токтотуу талабы менен чогулган элдин жүйөлөрүн угуп, бул маселени жеринде чечүү үчүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү аталган аймакка барышкан. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Эки тараптуу сүйлөшүүдөн соң, талаптар угулуп, компания бир ай (териштирүү иштери бүткөнгө чейин) ишмердүүлүгүн токтотту.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымдагандай, бүгүнкү күндө Нарын облусунда абал туруктуу, эч кандай жол жабуу болгон жок. Коомдук коопсуздукту укук коргоо органдарынын кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.

Белгилей кетсек, чогулган эл алар койгон талаптар аткарылганга чейин Нарын районундагы Кара-Чий айылында болорун айтышты.

Эскерте кетсек, жергиликтүү жашоочулар Нарындын Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык «Zhong Ji Mining Company» компаниясынын ишин токтотууну талап кылып чыгышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 94 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: