Menu

Жолдошум Алтынбек Курманалиев бир сом алимент төлөбөй туруп, 17 жылдан кийин үй талашты

Бөлүшүү:

Редакциябызга “үч баланы жалгыз чоңойтком. Бирок, жолдошум балдар бой жетип, небере күтүп калган куракта биз жашаган үйдү талашып, алууга аракет кылып жатат” – деген Гулмира Ибраимова акыйкаттык издеп келгенин айтты. Эженин айтканын угуп, жарыялоону эп көрдүк.

– Жолдошум Алтынбек Курманалиев экөөбүз тең Темир бетон чыгарган заводдо иштеп, эл катары менчиктештирүү башталганда заводго караштуу жашап жаткан эки бөлмөлүү үйдү менчиктештирип алганбыз. Кийинчерээк жолдошум үйдү мага каттаткан. Жакшынакай эле жашап, эл катары эки уул, бир кыздуу болдук. Бирок, жолдошумдун ичкени көбөйүп, жыйынтыгында ажыраштык. Ажырашпаска да чамам калган жок. Өзүмдү алдап жашагандан пайда чыкпады. Себеби, жолдошум үйдөгү буюм-тайымдарды уурдап сатып ичкиликке катуу берилип кетти. Тынч турмуш болбогонунан айла жок ажыраштык. Ал айылына кетти. Балдар мени менен борбордо калды. Ал жактан үйлөндү. Балдар менен иши да болгон жок. Жалгыз багып чоңойттум. Алдын үйлөнтгүм. Бирок, маселенин баары эми чыкты. Бир сом алимент төлөбөй туруп, небере күтүп калган куракта жолдошум Алтынбек Курманалиев баягы заводдон менчиктештирип алган үйгө 17 жылдан кийин көз артып, жасалма документ аркылуу алууга аракет кыла башташты. Көрсө, алар мага катталган үйдү “купля-продажа” деп нотариустан кайнагасына саткандай документ ырасташыптыр. Ошондой эле “бул үй мага гана таандык, мен иштеп алгам”- деген жасалма документ аркылуу бизден тартып алууга бел байлап, балдарынын акыбалын 17 жылда бир да жолу сурабастан сотко кайрылыптыр. Чынында ал айткандай эмес. Ал үйдү алууга менин да салымым бар. Экөөбүз тең аталган заводдо иштегенбиз. Бала-чакалуу болуп, үйдү кеңейткенибизде ал өз каалоосу менен мага каттаткан. Эми анын баарын жокко чыгарууга аракет кылып жасалма документ жасатып отурат. Балдарым менен акылдашып, өз үлүшүн алгысы келип жатса керек деген ойдо акча берели дедик. Бирок, ал ага көнгөн жок. Үйдү алууга белсенип жатканын айтты.

Эмнегедир Ленин райондук соту баарыбызды сурабастан, алардын пайдасына чечкен чечим чыгарды. Биз шаардык сотко кайрылдык. Шаардык сот туура эмес чечим чыккан деп, артка кайтарды. “Жасалма документ жасатканы үчүн да жооп берсин”- деп аны да сотко бердим. Ал жактан кандай чечим чыгат азырынча белгисиз.

Негизи ал үйгө жолдошум эмес, анын борбордо жашаган кайнагасы көз артып жаткандай сезилди. Алар болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, соттон өздөрү тарапка чече турган чечим чыгартып алууга ашыгып, тааныш-билиштикке салып, болушунча аракет жасап жатышат. Мен да адилеттик издеп, тиешелүү делген жердин баарына арыз жазып, калыс чечим чыгарып беришин өтүнүп кайрылып жатам.

Эгер соттор тааныш-билиштикке салып, ал тарапка чечим чыгартып коё турган болсо, коррупция менен күрөшүүнү максат кылган президентке чейин кат жазып, кайрылып, ал сотторду да атоого аргасыз болом.

Мен маселе он жакка чечилмейин күрөшө берем.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: