Menu

Баткен: чек арадагы кыргыз-тажик тирешүүсү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Кыргыз-тажик чек арасында тургундардын тирешүүсү боюнча Баткен жана Исфара райондорунун акимдери жолугуп сүйлөшүүдө.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 12-сентябрда тажик тарап Кыргызстандын аймагынан уруксаты жок түтүк аркылуу таза суу алып өтүүгө аракет кылган.

Тажик тарап болсо Исфара районунун Тожикон айлына суу алып өтүүгө Баткен районунун тургундары кедерги болгонун билдиришүүдө. Түтүк аркылуу суу чыгарууга Ага Хан Фонду 55 миң доллардан ашуун каражат берген. Учурда бул иш убактылуу токтотулду.

Тажикстандык активист Адолат Рахимова суу долбоору Исфара райондук администрациясы тарабынан бекитилгенин айтты. “Мен коңшулардын эмне себептен нааразы болуп жатканына түшүнгөн жокмун. Бул иш талаштуу тилкелерде эмес, Тажикстанга караштуу аймактар аркылуу жасалууда. 1990-жылдан бери маале жашоочулары таза сууга жетпей, сууну канал жана дарыялардан ташып ичишет”, – деди Рахимова.

Бул маселеге байланыштуу эки облус губернаторлорунун жолугушуусу да күтүлүп жатат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева окуя болгонун ырастап, аймактагы тартип көзөмөлгө алынганын “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка караганда, маселе Көк-Таш, Ак-Сай аймагындагы жерге байланыштуу чыккан.

Жергиликтүү бийлик жолугушуудан соң расмий маалымат берилерин билдирди.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: