Menu

Ташкентте Ислам академиясынын хижаб кийген төрт студенти окуудан чыгарылды

Бөлүшүү:

Ташкенттеги Эл аралык ислам академиясынын төрт студенти хижабдарын чечүүдөн баш тарткандыгы үчүн окуу жайдан чыгарылды. Алардан тышкары ушул эле себеп менен дагы 60 кыз академиядан чыгарылуу коркунучунда турушат.

Би-би-синин өзбек кызматы кабарлагандай, окуу жай жетекчилигинин басымынан улам хижаб кийген 124 кыздын 60ы сабактарга жасама чач тагынып же улуттук тебетейлерди кийип келүүгө аргасыз болушууда. Аларга моюн орогучтарды колдонууга дагы уруксат берилген эмес.

«Дагы 60 кыз хижабдарын чечүүдөн баш тартышты. Бирок азырынча алар окуудан чыгарыла элек. Ректорат аларга «түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө». Академия жетекчилиги алардын сабактарга кирбегендиги окуудан чыгарууга негиз болот деп эсептөөдө», — деп жазды басылма.

28-августта Эл аралык ислам академиясынын ректору болуп дайындалган Шухрат Ёвкочев хижаб кийген жана намаз окуган студенттерге каршы күрөш жүргүзүп жатканы кабарланууда.

Бир канча күн мурда аталган окуу жайдын студенттер тобу «Азаттыктын» өзбек кызматынын редакциясына кат жиберип, академиянын жетекчилиги мусулман студенттердин укуктарын одоно бузуп жатканын жазышкан. «Хижаб кийген кыздарды таптакыр сабактарга киргизбей жатышат. Сабактарга катышпаган студенттер болсо окуудан чыгарылат. Биз тиешелүү органдардан Конституцияга каршы келген мындай аракеттерди токтотууну өтүнөбүз», – деп жазышкан алар.

1999-жылы Ташкенттеги бир канча жолку жардыруудан кийин өлкөдө коомдук жайларда хижаб кийүүгө жана сакал коюп жүрүүгө расмий тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: