Дүйнө жүзү боюнча 2 млрд. адам курт-кумурскалар менен тамактанат. Мисалы, Кытайда личинкалардан жасалган тамактар популярдуу. Алар койду союп илип коюшат, ага чымындар личинкаларын калтырышат. Анын көлөмү 3 сантиметрге жеткенде колдонууга даяр болот.
Эксперттер курт-кумурскалардан жасалган концентраттар 2018-жылы Европа биримдиги тарабынан колдоо таап, кеңири жайылат деп келишет. Азыркы учурда эт жана ундан жасалган тамактардын 20%нын ордун курт-кумурскалардан жасалган аралашма басууда.
Курт-кумурскаларды кургатуу методу ар кандай даамдагы жана ар кандай майдалыктагы аралашмаларды жасоого мүмкүнчүлүк берет. Чоң жана майда болуп тартылган концентраттар курамында хитандин болуусу жана даамы менен айырмаланат. Аралашмалардын курамында 65- 80% белок бар жана тоюмдуулугу менен айырмаланат. Май айында биринчи азыктар сатыкка чыгат. Базарда курттун унунан жасалган гамбур-герлер жана фрикаделькилер пайда болот.
Биздин кыргыз уну экспорт үчүн жарабайт, балким биздин дыйкандар Евробиримдик үчүн ун боло турган курттарды жасоону ойлонушуп, сатыкка чыгара баштоолору да күтүлүүдө.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ