Menu

Көп аял алууга болобу?

Бөлүшүү:

Адамзат арасында көп аял алуу маселеси миңдеген жылдар бою олуттуу талаш-тартышты жаратып, алигече чечилбей келет. Ал эми акыркы жылдары элибиздин бул маселени туура чечүүгө кылган аракети натыйжа бербей, маселе ачык бойдон калууда. Анткен менен бул маселеге Куран китебинин 4–Ниса(Аялдар) сүрөөсүнүн 3-аятында так жооп берилген. Бирок дүйнөдөгү эң татаал болуп эсептелүүчү Куран китебин  чечмелөө, которуу жана түшүнүүдө  аябай көп кыйынчылыктар менен адашуулар болуп келатат.

Эгерде Аллахтын сөзү жөп-жөнөкөй жана түшүнүктүү болгондо, элдин баары кыйналбастан эле эбак Кудайга жетип, Жараткандын татаал сыноосунан өтүү зарылчылыгы калмак эмес! Жана да адамга Куранды, Кудай таанууну түшүнүүсү үчүн терең билим, талыкпас эмгек жана эркин ой жүгүртүү зарылчылыгы болмок эмес. Ал эми Кудай таануу маселесинде оңой жолду тандаган адамдар көп адашып, жаңылыша беришет.

Мухаммед пайгамбарыбызды бетке тутуп, айрым написин тыя албаган динаятчылар менен байлар көп аялдуулукка толук жол ачып алышса, кай бир укук коргоочулар көп аял алууга таптакыр каршы болуп, өз билемдик менен де фактону(болуп жаткан көрүнүштү) да  моюнга албай келишет. Натыйжада алар жалпы ислам коомчулугун дүйнө жүзүнө шылдың кылып, Кудай алдында адамдарды жана өздөрүн чоң күнөөгө батырып келишүүдө. Ошондуктан дүйнө жүзүндө бул маселеге алигече чекит коюлбастан, биздин элде жана парламенте көп аялдуулук  маселеси популярдуу болуп калууда.

Көп жылдар бою бул маселе менин да ички жан дүйнөмдү кыйнап келсе да, андай оор маселеге даап кире албай четтеп жүрдүм. Бирок баарибир буга аралашууга мажбур болот экенсиң. Анткени исламдын негизги канону болуп эсептелген Куранды туура чечмелөө аркылуу бул маселеге чекит  коюуга боло тургандыгына көзүм жетти. Курандын  4-Ниса(Аялдар) сүрөөсүнүн 3-аятында көп аял алуу маселесине так жооп берилген. Бирок Куран эски татаал арап тилинде берилгендиктен миң жылдан артык убакытка чейин бул аятты  туура эмес чечмелеп жана которуу менен динаятчы «адистер» мусулмандарга көп аял алууга жапырт жол ачып беришсе, ал эми алардын каршылаштары практикада болуп келген көп аял алуу фактыларын кылмыш сыяктуу көрүп, тан алышпайт.

Ошонун натыйжасында «карай алсаң, бага алсаң» көп аялдарга үйлөнө бергиле деп жол ачып берген молдокелер четтен табылат. Учурда Кыргызстанда миңдеген аялдарды карай алган, бага алган олигарх эргулдар толтура. Эгерде алар жапырт көп аял алууга киришип кетсе, анда не болот? Колунда жокторго аял жетпей калса, аларды дагы кайдан издейбиз? Ал эми аргасыздан, же сүйүүнүн, же үй-бүлөнү сактап калуу максатында баш кошкон жарандарды кандай кылабыз? Аларды  бир четтен камай баштайбызбы?

Бул маселени туура чечүүдө Касиеттүү Куран китебинин Ниса(Аялдар) сүрөөсүнүн 3-аятына кайрылалы: Аллах бул аятта мындай дейт. «Эгер бүлөлөрүңөргө (үй-бүлөлөрүңөргө: балдарыңар менен аялдарыңарга жана өзүңөргө) адилетсиздик жаратуудан коркпосоңор, анда силерге жаккан экинчи, үчүнчү жана төртүнчү аялдарга үйлөнө бергиле, эгерде аларга адилетсиз болуудан корксоңор, анда бир аял менен гана чектелгиле, же сизге жаккан күң, же туткун аялга үйлөнгүлө» деп турат.

Мында адилетсиздик дегенде: ар бир секунда сайын болуп туруучу тирешүү, жек көрүү, көрө албастык, араздашуу, кызгануу, жамандык каалоо, атурсун өлтүрүү каалоосу да өкүм сүрөт. Ошону менен көп аялдуу үй-бүлө мүчөлөрү үчүн Наркы дүйнөдө эле  эмес, Жарык дүйнөнүн өзүндө да Тозок даяр десе болот! Мына сизге көп аял алуу! Ал эми бул аятты которгон жана чечмелеген чаласабат «молдокелер» менен напсин бузгандар аны таптакыр тескери мааниге алып келип, өздөрүнө ыңгайлаштырып алууга барышкан. (Курандын кыргызча, орусча, өзбекче котормолорун, арапча түшүндүрмөлөрүн караңыз, мапаниси тескери берилген).

Демек алигече Куранды чечмелегендер менен которгондордун дээрлик баары «адилетсиздик кылуудан корксоңор 2-чи, 3-чү, 4-чү аялдарга үйлөнө бергиле» десе, адилетсиздик кылуудан коркпосоңор, бир аял менен чектелгиле… деп түшүндүрүп, маанисин теңирден тескери кылып таркатып салышкан. Андан улам «чаламолдолордун» чечмелеши боюнча адилетсиздиктен коркуп, адилеттүү болууну каалагандар көп аял алышы керек экен да, ал эми адилетсиздиктен коркпой,адилетсиз  болууну каалагандар бир аял менен чектелиши керек экен.

Демек көп аял алгандар адилеттүү болуп калышып, бир гана аял алгандар адилетсиз болуп калышат экен! Мына сага Кудайдын сөзүн бурмалап тапкан жол!Мына ушуну Теңирден тескери кетти деп айтышат! Эми дүйнө элине шылдың боло бербей, мусулмандар миң жылдан берки кетирген каталарыбызды өзүбүз оңдоп алалы!

Белгилей кетчү нерсе Аллах инсандын эрк-ыктыярын эч качан бузбай, жагдайларды эске алып, көп аял алууну инсандын өз эркине коюп койгон. Анткени Кудай  өзүнүн инсан кылып жараткан азиз пендесин кечирип, кечирип, кеч уруп, күтүп бара берет. Адам Аллахты сөгүп жатса да анын жанын заматта алып койбойт. Менин керемет инсаным менин алдыма баарибир оңолуп, чыныгы инсан болуп жетип келет деп зарыгып күтөт…

Изилдөөчү-илимпоз       Акматов Маматкадыр

Ош шаары.

P. S.  Урматтуу окурмандар жана редакция! Мындан ары өлкөнү руханий, экономикалык ар тараптан өнүктүрүүнүн жолдору боюнча кызматташууга даярмын. Байланыш телефону 0554345000.

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: