Menu

АША бийлигинин жалданма судьясы Оморованын артынан далайы кызматтан кетеби?

Бөлүшүү:

Ак үйдөн түшкөн буйрукту түз аткарып көнгөн Октябрь райсотунун судьясы Г.Оморованын кызматтан алынышы коомчулукта жакшы эффект жаратты. Бул айым бийликтин оппозиционер журналист Нарын Айып жана жарандык активист Мавлян Аскарбековго карата доолорун кожоюндардын пайдасына чечип берген.

Президент С.Жээнбековдун сотторду тазалоону дал ушул судьядан баштаганы кызуу колдоого алынууда. Активисттер жада калса буга окшогон ыйык мантияны булгаган судьялардын тизмесин түзүп, президенттик администрацияга жөнөтүүгө үлгүрүштү.

Элге төбөсү көрүнгөн коомдук ишмерлер сот реформасы чындап ишке ашарына көздөрү жете баштаганын тынбай комментарийлеринде айтып жатышат. Эми президенттин экинчи сотторду бошотууга байланыштуу буйругу ошол эле райсоттун судьясы Аида Жогоштиевага да чыкса жакшы болмок. Анткени, ал коомчулукта иренжүүнү гана жаратып келген Мискенбаевдин таламын талашып жатпайбы! Эгерде окуядан кабарыңыз жок болсо айта кетели: жакында эле кыргыз киносунда жаңылык жарата турган “13-аймак” тасмасы тартылган. Анда рольдордун бирине оппозициялык медиа эскперт Токторов да тартылган. Мунун эмнеси жакпай калды белгисиз, бирок Мискенбаев жана анын “Айкөл Ала-Тоо” уюму Октябрь райондук сотуна кайрылып, бул тасманы экранга чыгарууну токтотууну талап кылган. АШАга таянган Мискенбаевди судья Оморова дароо колдоп, кинону токтотуп гана тим болбостон, аны көрсөтүүгө тыюу салып таштаган. Бишкек шаардык сотунда иш каралганда ушул жагдайга көңүл бурулган. Шаардык соттун талаптарына көңүл буруу менен райсот жаңы токтом токуган: анда тасманы көрсөтүүгө салынган тыюу алынып салынган менен, аны көрсөтүүгө “запрет” коюптур. Ошентип соттордо бул иш аягына чейин каралып бүтмөйүн, “13-аймакты” көрсөтүүгө болбойт экен! Мындай чыгармачылыкка бут тоскон судьялар кызматынан кетиши керек! Сооронбай Шарипович баштаган ишин дал ушул судьядан улантарына ишеним чоң. Ал эми Мискенбайүптөн калайык калк чындап тажады. Океңдер айткандай, “тюрьма давно по нему плачет”. Дегенибиз, Мискенбаевдин үстүнөн мурда ачылган кылмыш иштер эмнеге токтоп турат? Революциянын башында жок туруп, анан көчө баатыр болуп чыга келген бул адамды ким тыят, ия!

Баса, “13-аймак” Кыргызстанда көрсөтүүгө тыюу салынган биринчи фильм эмес. Буга чейин Өмүрзак Төлөбековдун “Революция токтотулат!” аттуу фильми цензурага кабылган. Фильмде ыңкылаптар эч качан жакшылыктарга алып барбастыгы, аны эл жасап, пайдасын шылуундар көрөрү баяндалат. Тасманын аягында башкы каарман: “Мен революцияга каршымын! Токтоткула!”- деп кыйкырат. Абдан тарбиялуу тасма. Бийликте тургандар үчүн бул тасманын чыгышы өтө керек болчу, анткени, аны көргөн эл чындап эле революциялардын кереги жоктугуна ынанат, стабилдүүлүктүн орношуна салым болмок. Сооронбай Жээнбеков өзү бул фильмди көрсө, кандай сонун болот эле!

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: