Menu

Айыппул жаман адаттардан арылтабы?

Бөлүшүү:

“Какырык, түкүрүк” деген сөздөр баарыбыз үчүн эле жагымсыз түшүнүк. Ал эми ыгы жок какырынып-түкүрүнө берген адамдарды эч ким жактыра бербестиги да белгилүү. Арийне, мына ушундай жаман адаттардан арылуу максатында коомдук жайларда жана көчөлөрдө түкүргөндөргө карата 1-январдан тарта күчүнө кирген Эреже бузуу кодексинин 71-беренесине ылайык 5500 сом өлчөмүндө айыппул салуу чаралары коомчулукта ача пикир жаратууда. Ал турсун Тоңдон келген 27 жаштагы жигит Ак үйдүн тосмосунан ашыра түкүрүп, кармалгандан кийин бул аракетин “айып пулдун чоң өлчөмүнө нааразы болгон көпчүлүктүн үнүн бийликке жеткиргим келди” деп түшүндүрдү.

Ырас, кыргыздар айтмакчы беш кол тең эмес. Ар кимдин түшүнүгү, жүрүм-туруму ар башка. Деген менен бир кылым убакыттан бери дүйнө таанымы кеңейип, башка улуттардын жакшы-жаман жактарын салыштырууга кудурети жетип калган кыргыз калкы өзүнө да сын көз менен карай турган мезгил келди. Сөз жетпегендерге балким ушундай чаралар таасирдүү болоор – аны алдыдагы убакыт көрсөтөт. Бирок, мыйыгыбыздан күлбөй коё туралы.

Мисалы, дүйнөдө өнүккөн эң алдыңкы өлкөлөрдүн бири – Сингапурда түкүрүнмөк турсун, сагыз чайноого, метродо тамак жегенге, ал турсун өз үйүңдө жылаңач жүрүүгө тыюу салынган.

1987-жылы Сингапурда метро иштей баштаганда ээн-баштар сагызды автоматтык ачылуучу эшиктердин датчиктерине жабыштырууну адатка айлантып алышкан. Асфальт жолдорго ташталган сагыздар тропикалык ысыкта бут кийимдердин таманына, машиналардын дөңгөлөктөрүнө жабышып, далайларды маза кылган. Бул өнөкөт 1992-жылы өлкөдө сагыз сатууга жана чайноого тыюу салынгандан кийин өзүнөн-өзү токтогон. Азыр өлкөгө сагыз алып келгендерге, саткандарга же сатып алгандарга 500 сингапур доллары өлчөмүндө айып салынат.

Айыппулдардын шаары атанган Сингапурда дагы кандай жаман адаттар үчүн жазалар каралган? Эмесе. эске сала кетели.

Элибиз нааразы болуп жаткан көчөдө түкүрүүгө бул өлкөдө биринчи жолу – 1000 SGD, экинчисинде 2000 SGD, коомдук туалетте өзүңдөн кийин сууну агызбасаң – 150 SGD, канаттууларга жем чач-саң – 1000 SGD, коомдук жайларда тамеки чегүүгө – 1000 SGD, көчөгө таштанды ыргытсаң – 1000ден 2000 SGD чейин, кайталанган ар бир учур үчүн 5000 SGD, өз үйүңдө жылаңач жүргөнүң үчүн кошуналардан арыз түшсө – 2000SGD жана үч айга камалуу, жолдон туура эмес өтсөң – 20 SGD коомдук жерлерде, мамлекеттик жана диний мекемелердин, полиция участкаларынын жанында мас абалында жүргөндөргө биринчи жолу – 1000 SGD, кайталанса 2000 SGD жана үч айга абакка отургузуу, ар канlай бүлдүргүч аракеттер (вандализм) үчүн – 2000 SGD же үч жылга эркинен ажыратуу жана ага кошумча үчтөн сегизге чейин таяк менен сабоо, коомдук транспортто жеңил тутануучу суюктуктарды алып жүрүүгө – 5000 SGD, тамак жеп же суусундук ичүүгө – 500SGD, жаныбарларды салууга – 500 SGD, авариялык кнопка-ларды зарылдыгы жок басууга жана салонду булгоого – 5000 SGD, автомобиль айдоочуларга тагылбаган коопсуздук куру үчүн – 120 SGD, рулда баратып уюлдук телефон менен сүйлөшкөндөргө – 1000 SGD өлчөмүндө айып жазалар кол-донулат.

Кошумчаласак, эгемендүүлүк алганына жарым кылым гана болгон, калкынын саны дээрлик Кыргызстандыкындай Сингапур ушундай катаал чараларды киргизүү менен учурда дүйнөдөгү эң коопсуз өлкөгө айланды. Ал эми чет элдик инвесторлор үчүн түзүлгөн идеалдуу шарттар Сингапурду “чыгыш-азиялык жолборстордун бири” деген атка кондурду.

Мелис Усуптегин

Булак: «Факты»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: