Menu

Казак президенти Түркияда эс алып жүргөнү кабарланууда

Бөлүшүү:

Түркиялык Нurriyet Daily News вебсайты “казак президенти Нурсултан Назарбаев кезектеги эс алуусун Бодрумда өткөрүп жатканы” тууралуу сүрөттөрдү жарыялады. Көп узабай бул сайт Казакстанда ачылбай калды.

Басылманын маалыматы боюнча соңку тогуз жыл бою жайкы эс алуусун Бодрумдагы мейманканалардын биринде өткөрүп келе жаткан президент казак ишкери Алиджан Ибрагимовдун яхтасын колдонгон.

28-июлда басылма Эге деңизинин жээгинде жүргөн жана сууда сүзүп бараткан кишинин сүрөттөрүн жарыялап, анын Нурсултан Назарбаев экенин маалымдаган. Сүрөттөрдүн биринде казак президентине окшош адамды жана ага сүлгү сунган жардамчысын көрүүгө болот.

Башка бир сүрөттө «президент» бир нече кишинин коштоосунда сүзүп жүрөт. Басылма Назарбаев көпкө сүзүп, андан соң алты жансакчысынын коштоосунда 20 мүнөттөй сейилдегенин жазды.

Фотогалереяда президент эс алган кеменин сүрөтү да бар. Анын ээси Алиджан Ибрагимов – өлкөдөгү эң бай 50 кишинин тизмесине кирген ишкер.

Нurriyet Daily News казак президенти бир нече күндөн кийин грек аралына барып, ал жерде да эки апта эс аларын жазды.

Казакстан президентинин администрациясы президенттин жумуш сапарларына байланыштуу суроолорго гана жооп берерин билдирип, Назарбаевдин эс алуусу боюнча түшүндүрмө берген жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: