Menu

Позитивдүү психология – узак жашоонун ачкычы

Бөлүшүү:

Позитивдүү психология деген эмне?

Позитивдүү психология адамдын жан дүйнөсүндөгү «жашыл бутак» десек болот. Жашоого болгон көз карашыңызды, курчап турган чөйрөңүзгө болгон оюңузду жыйнаңыз. Эми аларды ак-карага бөлүп таразага салып көрүңүзчү. Жыйынтык сизди канааттандырбаса, анда тезинен жан дүйнөңүзгө жаңычылдык киргизиңиз, өзгөрүүгө аракет жасаңыз, жашоонун жаңы барактарын ачып, позитивдүү ойлорго жетелениңиз.

Позитивдүү психологияда сизге көптөгөн ыкмалар жардамга келет. Эң жөнөкөйлөрү – жылмайып жүрүү, ар бир майда нерсеге кубануу, кылган ишиңизден ийгиликтерди көбүрөөк көрүү, жагымдуу музыканы көп угуу, айланадагылардын кемчиликтерине көз жумуп коюу, жакындарыңызды кубантуу, алардын кубанычынан ырахат алуу жана башка. Жашоо жарык жана анда жакшы нерселер толтура.

«Досуңду көрсөт, анан мен сага ким экениңди айтып берем»

Позитивдүү адамдар «жакында жакшы күндөр келет, аз калды» деп күтүп отура беришпейт. Алар жакшы күндөрдү өздөрү жасашат. Бул нерсе сиздин колуңуздан да келет. Жакшы күндөрдү жасап алыш үчүн айланаңыздагы курчап турган нерсенин баарынын оң жагын көрүүгө аракет кылыңыз.

Жакшы адамдар менен баарлашуу, агрессивдуү адамдарга болгон реакцияны жонго салуу, эс алуучу жайларда сейилдөө, табияттын сулуулугуна суктануу сиздин жан дүйнөңүздү негативден тазалайт. «Досунду көрсөт, анан мен сага ким экениңди айтып берем» дейт эмеспи, андыктан жайдары адамдар менен көбүрөөк достошуп, пессимист адамдардан алыс жүрүүгө аракет кылыңыз.

Психиканыздын саламаттыгы позитивдүү маанайдан башталат

Адамдын ден соолугу чың болуш үчүн эң алгач психиканын саламаттыгын чындоо кажет. Ал үчүн айланадагы болуп жаткан ар түрдүү кырдаал же окуялардын жагымдууларын гана кабыл алууга аракет кылыңыз. Учурда адамдардын ортосундагы маалымат алмашуунун жолу абдан коп жана оңой. Интернет, сыналгы, үналгы, түрдүү гезит-журналдар аркылуу жана бири-биринен оозеки түрүндө да жаңы маалыматтарды кабыл алышат. Мээни чарчатып, өзүңүзгө тиешеси жок болсо деле угуп же окуй бербей, позитивдүү маанайдагы кабарлар менен көбүрөөк таанышыңыз. «Баланча телеканал баландай деп айтып чыкты. Тиги сайт ушуну кантип жазды?» деп коомдук талкуу жаратып, ага энергия коротуп, кызыл чеке болуп урушуп отурган адамдарды четтен карап турсаңыз, абдан күлкүлүүкөрүнөт. Сиз дагы алардын катарын толуктап калуудан алыс болуп, керектүүсүн гана кабыл алыңыз дагы, керексизин барактабай коюңуз. Эң кубанычтуу жагдай – сизди эч ким «ушул маалымат менен сөзсүз тааныш» деп кыйнабайт.

Айдын 15и жарык, 15 караңгы

Ооба, тилекке каршы, айдын 15 күндөн көбүн деле караңгылыкта өткөрүп жиберебиз. Айрымдарыбыз беймаал убакта уктайбыз же 1- кеч турабыз. Адам ар бир күнүнүн  ийгиликтүү же жеңил өтүшүн кааласа, эртең менен эрте туруп, биринчи жылмаюу керек. Туура ойлонуу, жылмаюу, бирөөлөр менен өзүн салыштырбоо, ар бир нерсени баалоо, башка бирөөлөрдү дагы  позитивдүулүккө чакыруу, сизге тиешеси жок нерселерге аралашпай коюу колдон келе турган нерселер. Булар менен адам өзүн-өзү тарбиялай алат.

Адамдын келбети дагы позитив менен азыктанат

Ар бир улуттун, элдин өзүнө тиешелүү ашканасы болот эмеспи. Мисалы, ачуу, кычкыл же майлуу тамактарга басым жасаган өлкөнүн эли ошого жараша келбет күтөт. Ал эми кымыз жыттанган кыргыз жеринин азыктары табиятына жараша экологиялык жактан таза жана пайдалуу экенине кепилдик бар. Сырттан импорттолгон азыктардын баарын эле аки-чүкүсүнө карабай жей берген болбойт. Жабыркаган ашказан жанындагы органдарга таасирин берет. Туура эмес тамактануудан улам боор бузулат, өпкө, бөйрөк жабыркайт. Ички органдары жабыркаган адамдын териси зьганга учурап, бетке безетки өвдүү түрдүү нерселер чыгат. Мунун натыйжасында адам корунуп, чүнчүп, жыйынтыгында тагдырга нааразы болуп, коомго аралаша албай калат. Демек, ден соолукту чың алып жүрүү дагы позитивдүү адамдардын желбиреткен байрагы. Ал эми ден соолугу чың адам ар дайым жаш көрүнүп, бетине түшкөн бырыштын саны азыраак болору талашсыз. Өзүн сыйлаган адам эң алгач ден соолугунун, келбетинин саламаттыгына кам көрүп, жылмаюу, харизма менен айланасына жайдары адамдарды топтой алат.

Пенденин оозунда болсо, кудайдын кулагында…

Негативдүү ойлор адамды томен тартат. Мисалы, баштаган ишибиз ийгиликсиз болуп калды дейли. Жашоо ошол нерсе менен эле бүтүп калгансып санаа тартып, өзүбүздү жей беребиз. Эмне себептен баштаган иш оңунан чыкпай калганынын себептерин издегендин ордуна, «антпей эле, минтип койсом болмок экен» деп өткөн нерсеге өкүнөбүз. Өткөндү кайтара албаганыбыз аз келгенсип, ал ишке күнөөлүү адамдарды издейбиз. «Тиги минтип койсо эле баары оңунан чыкмак» деп аны жек көрө баштайбыз.

Ошол эле учурда нерв коротуп жатканыбызды да сезбей калабыз. Андан көрө «чыгашасыз киреше болбойт, эмкиде ушул кемчиликтерди кетирбегенге аракет кылыш керек экен, нерв системин калыбына келтирүү мүмкүн эмес, сабырдуу болоюн» деп ойлосок пайдалуураак. «Пенденин оозунда эмне болсо, ал Кудайдын кулагында. Эмнени көп айтсаң, ал жаман да, жакшы да ой болгонуна карабай акыры жүрүп ишке ашат» дешет элибизде.

Айлин Аманова

Булак: «Тамчы»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: