Menu

Кайыповдун кайдыгерлиги же кейпи кеткен “эки мышык”

Бөлүшүү:

Айткыбыз келди. Айтпай койсок болчудай эмес. Эмнени деп жатасызбы, анда көңүл буруңуз. Кадимки Теңир-Тоо жергесине баргандардын баары эле көрүп жүрсө керек, Нарын шаарына жетип калгандагы кире беришиндеги эки айрылыш жолдун боюнда эки илбирстин таштан жасалган сөлөкөтү бар. Жакшылап баамдап карасаңыз, «НАРЫН» деген жазуусу бар тоголок ташты эки илбирс сүйөп турат.

Мына ушул жерге токтоп сүрөткө түшүп, босогодон бир тыныгып Нарынга жол тарткандар, келе жатып бир өргүү алгандар көп кездешет. Конок тосуп, конок узаткандарды да кездештирүүгө болот бул жерден… А тургай ар ким ал илбирстерди маскаралап, «эки мышык» деп да атап алышкан. Эми бул илбирс деген эмне, кандай жаныбар экенин билбеген түркөйлөрдүн пикир деп түшүнөбүз…

Эки илбирсти ал жерге коюш кимдин демилгеси болгонун жана кайсы жылы ишке ашканын биле албадык. Бирок, кире бериштеги, босогодогу эки илбирс олтурган таш-куйманын кейпи кетип, урап турганы көзгө өөн учурады. Сыртынан чапталган цемент таштар сыйрылып, айлана-тегереги таштандыга толуп, кароосуз калып, айласыз болуп калганын көрүп зээнибиз кейиди. Нарынды башкарып купүлдөп олтурган Кайыпов Аманбай бул жолдон байма-бай өтөт, күндө болбосо дагы күн алыс. Муну кантип көрбөй жатты экен? Же көрсө да көрмөксөнбү? Бул астананы аттап жатып Аманбай мырза эмне ойлорго батат болду экен? Же Кайыповго алжерге карата кайдыгер жасалган мамиле баш оору эмеспи. «Эшигин көрүп төрүнө өт» дейт кыргызда. Босого ташыбыздын тамтыракайы чыгып жатса «ичибиз» кантип жатты экен? Аманбай мырза ушул жерди оңдоп, көрккө келтирип коюуга мойнуңуз жар бербей жатабы? Же каражат жетпейби? Каалай турган болсоңуз өз чөнтөгүңүздөн деле жасап кое тургудай жөнүңүз бар. Бирок, каалоо жок болсо, анан да Кайыповдун кайдыгерлиги тоскоолдук кылып жатса кире бериш, астана, босого кейпи кеткен думана түспөлдүү кала берет тура. Башка областтардын кире беришин деле көрүп жүрсөңүз керек Аманбай мырза, намыстанып койбойсузбу? Кийин соң ушул кире беришти Аманбай Кайыпов губернатор кезинде гүлдөттү эле деп жакшы сөз артыңыздан ээрчип жүрсө жаманбы? Же сиз үчүн элге иш жасоо эмес, казы-карта чайноо эле маанилүүбү?

Кубаныч Зайнидинов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: