Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев президент катары алгачкы чет элдик сапары менен 3-апрельде Орусияга барат. Бул тууралуу Казакстандын басма сөз катчылыгынын башчысына таянып, ТАСС маалымат агенттиги кабарлады.
«3-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев расмий сапары менен Орусия Федерациясына барат. Анын башкы максаты катары Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү алып баруу болуп саналат»,-деп айтылат маалыматта.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ