“Кечээ, Убактылуу өкмөттүн Отунбаева, Текебаев, Бекназаров, Дүйшөбаев, Исаков, Шерниязов баштаган бир нече мүчөлөрү кайрылуу жасап, Атамбаев референдум өткөрүп, конституцияны өзгөртүп бийликти узурпациялап алганы жатат деп оор күнөө тагып, жалаа жаап жатышат. Ачык айтканда бул алардын сасык калпы!”, – деп билдирди бүгүн, 31-августта Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын 25 жылдыгын белгилөө салтанатында Алмаз Атамбаев.
“2010-жылы референдумда эл түшүнүп-түшүнбөй эле добуш беришкен. Көпчүлүк шайлоочулар ал референдумда 1,5 жылга өлкөнүн президентин шайлап жатышканын билген эмес. Бир дагы шайлоо бюллетенинде президенттикке талапкер адамдын фамилиясы жазылган эмес эле. Алтургай президенттик шайлоо тууралу сөз да болгон эмес. Анан ошол президентке уялышпай 98% добуш берди деп жүрүшөт. Шайлоонун мындай жыйынтыгы авторитардуу мамлекеттерде да чыгарылбайт”, – деди Алмаз Атамбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ