Menu

Элнура Молдокадырова, тележурналист: “Арам этти элге көрсөтпөш үчүн чиновниктер бут тосту”

Бөлүшүү:

-Саламатсызбы ! Алгач өзүңүз жөнүндө айтсаңыз?

-Адегенде “Обон” гезитинин жамаатын, бүтүндөй кыргыз элимди жаңы жылы менен куттуктайм. Ал эми өзүм тууралуу айтсам, 1988-жылы Тогуз-Торо районунда, Казарманда туулуп, 2-класстан тарта Нарын шаарында орус мектептен окуп, кийин 6-классымда ата-энем менен чогуу Бишкекке келип жашап, окуп калдым. Төрт бир тууганбыз, байкем анан эки сиңдим бар. Атам Жумагазы, кесиби инженер-куруучу. Борборго келгенибизге 16 жыл болду. Ошондон бери шаардагы чоң-чоң курулуштарды курду, азыр өзүнүн жеке компаниясы бар. Апам өз учурунда “Макмал” алтын комбинатында башкарма болуп эмгектенген, кийин эки сиңдимди төрөп, үйдө болду.

-Орус мектепте окуган көп эле адамдарды көрүп жүрөбүз, кыргызча сиздей мыкты сүйлөмөк түгүл, сүйлөсөң түшүнбөй да калышат го?

-Ооба, туура айтасың. Мен бала бакчадан тарта орусча тарбияланып, мектепти да орусча окуп келгем .Бирок үйдө ата-энем атайын эле кыргызча сүйлөшүшөт, абдан туура кылышыптыр. Биз да минтип эне тилибизди унуткан жокпуз. Азыр да сөз байлыгымды көбөйтүүгө аракет кылып жүрөм.

-Жолдошуңуз тууралуу айтсаңыз, сиздей сулууну багындырган кандай жигит болду экен?

-Жолдошум Ренат 1986-жылы туулган, кереметгүү Ысык- Көлдүн Түп районунан болот. 10 жылдан ашып калды саясатта жүрөт, азыр СДПКнын жаштар канатынын лидери. Ренат жаштайынан саясатта жүргөндүктөнбү эмнегедир менден бир топ улуу адамча ойлонуп, көп жашаган кишиче көрөгөч сапаттарга ээ. Мага анын ушул күчтүү, тайманбас мүнөзү жагат.

-Келин катары сизге кандай баа беришет?

-Мени жолдошум сүйлөшүп жүргөндө жасанып жүрсөм эле ойлочу экен да, тамак жасаганды деле билбесе керек деп. Муну кийин айтып жатпайбы. Мен үйдө жакшы кожейкемин. Күдайга шүгүр нааразычылык уга элекмин(күлүп).

-Эми ишиңиз тууралуу кеп кылсак, акыркы даярдаган көрсөтүүңүз өлгөн малдын эти туу­ралуу айтсаңыз, мындай көйгөйлөрдү кантип көрүп каласыз?

-Мындай көйгөйлүү маселени эл үчүн күйгөн жөнөкөй эле калк арасындагы инсандар кат аркылуу ма­га же жетекчиме билдиришет. Биз анын чын бышыгын алдын ала иликтеп, анализдеп, аны элге жеткирүү үчүн план түзүп алып, анан гана иш алып барабыз.

-Аталган теле берүүнү даярдаганга канча убакыт кетти?

-Баш- аягы эки жума кетти, түнү менен ошол базарды аңдып, соодалашып жаткан адамдардын сөздөрүн тыңшап, эттер каяктан эмне менен келип, каякка жүктөлүп кетип жатат бардыгын иликтедик да. Уйкудан калып, үшүп-шишип, аларды көрүп алып жиндене берип, кыйратып тамактанбагандыктан иммунитетим түшүп, сыздоок чыгып, сасык тумоо болуп ооруп калдым. Дарыланып жүрүп хирург менен баарлашып калсам ал аябай ачууланып, мындай этти жемек түгүл көмгөндүн өзү да кооптуу, онкологиялык оорулар неликтен мынчалык көбөйдү -деп жүрсөм, кесепеттүү эттин таасири экен да -деп кейиди.

-Ошол эки жума бою базар тынган жокпу?

-О-ой, ал канча жылдан бери тынбайт экен да. Аякта “братан”- деген каймана атка конгон ажаан аял, да­гы ага окшогон бир канча адамдар иштейт экен. Эки жума жашыруун жүрдүк. Калп эле соодаларына аралашып, анан биз камерага ачык тартып кеткендин эртеси эле ал ба­зар таптаза десең (башын чайкап). Эфирге эки күн калганда тартылган, биз түнү тартсак таң эрте же­текчиме телефон чалуулар болуп, бут тосуулар чиновниктер тараптан да болуп жатты.

-Ачык эле айтыппы?

-Албетте жок, алар ЕАЭСтен ко­миссия келген, эми сен муну те­леге чыгарсаң, Кыргызстан этти экспорттой албай калабыз-деп. Мен таза эттер тууралуу айткан жокмун -деп түшүндүрүп бердим. Ал такыр эле башка “дүйнө” бо­луп жатпайбы? Ошол эле таза эт­тер сатылган базардан 5 метр ары эле мындай жаман эттер сатылып жатат да. Буларды базардын ичине киргизишпейт, өлгөн малдын эти өзүнчө сатылыт. Минтип түшүндүрүп жатсак дагы, “өйдө жактагылар” чалып жатышты. Депутаттар ал гана эмес фракциянын лидерлери да чалышты. Же аларга туура эмес маалымат жеткенби айтор…

-Өзүлөрү деле сиз даярда­ган берүүгө көз жүргүртүшсө түшүнүшөт эле го?

-Билбейм анысын, тияк- бияктан, санитардык көзөмөлдөө борборунан да чалып атышты. Акырында чалып жаткандардын бири мага белек сунуштады. Анан мен айттым, эже мен сиздин атыңызды эч кимге атабай эле коёюн, бирок сиз деле журналист болуп жүргөн эжесиз азыр эле башка органда иштеп калдыңыз, журналист ката­ры деле мени түшүнсөңүз, кантип мага бут тосуп жатасыз-деп таарындым. Кыскасы бул көрсөтүүнү чыгарбоого аябай аракет кылып, бут тосушту.

-Буга карабай көрсөтүүңүз элге жетти, сизди коркутуулар болгон жокпу?

-Аракеттер болду окшойт, эшиктин алдында бир эркек пайда бол­ду. Андан коркуп машинемдин эшигин бекитип алып чыкпай отурган учурлар өткөн, бүгүнкү күнгө чейин жолдошум жумушка алып келип-кетип жүрөт. Ушунча жылдан бери ошол базарды милиция кантип көрбөй калды, биз ошондо камера менен тартып жүргөндө кепкачан бала келди, ал ГОМдун кызматкери граждандык кийимчен экен, аны ошол ба­зардын сатуучулары бүт тааныйт экен. Аты-жөнүн сураганымда айтпай качты, ал бул базарда эмне кылып жүргөн эгер аларды тый-баса, же бизге өзүн тааныштырбаса? Биз милиция чакырганыбызда үчөө келип, бири-бири менен саламдашкан соң барын чачыратып, тарката баштады. Эч бирин кармаган жок. Көрсөтүүнүн эртеси эле иш козгобой текшерүүлөр деле бир жумадан кийин тигилер даярданып болгуча күтүп анан болду. ‘ СМИлерге болсо, бир машинаны кармадык андагы эттердин баардык документтери туура экен -деген маалымат таркатышты. Демек, бул иштин бетин ачып берген ме­ни күнөөлүү да кылып койгулары келет. Бет тырмалык кылып кайра мени соттошсо да таң калбайм. Бардык органдар иштебегени көрүнүп турат.

-Чын эле ошондой болуп кетсечи?

-Менде жетиштүү фактылар толтура, утулуп эле калышат го анда.

-Мындай зыяндуу, коркунучтуу ары жийиркеничтүү эттин таркалышына кимди күнөөлөйсүз, фермердиби, касапчыныбы же ошол этти иштетип жаткан ишкердиби, балким буларды тыя албаган “атка минерлердиби”?

-Биринчиден фермерлер күнөөлүү да, ал эттер колбасага кетээрин жакшы билишет. Анан уялбай элине сатат десең. Ооруппу, жардан учуппу же карышкыр тийген ма­лын карыган эле абышка-кемпир көмүп салуунун ордуна алдын-ала калтырып кеткен касапчылардын телефонуна чалып сатат экен. Касапчылар өлгөн малды жиликтеп, терисин сатып, этин автобуска жүктөп алып бул жакка алып келишет. Бияктан сакалчан “ти­па” молдокелер тосуп алып пельмен, колбаса цехтерине, кафелерге, самса, гамбургер даярдоочуларга, супер маркеттерге жеткирип беришет экен. Ал гана эмес тендер аркылуу бала-бакчаларга, солдаттарыбызга, түрмөлөргө чейин жетет экен. Эми муну да изилдеш керек. Маевкадагы колбаса цехинин жанында жашагандар жайкысын аябай сасыгандыктан көчөнү тегеренип өтүп калабыз -дешти. Айыл өкмөтүнө арызданып, бул эмне болгон цех экенин биле албай койгонун айтышты.

-Чын эле, ишкерлер эмне деп актанышты?

-Мисалы “Риханыкы” келди, биздин колбасаларга айтылган маалыматтарды жокко чыгарып элге айткыла -деп. Биз макул болгон жокпуз, бирок КТРК бардыгынын оюн угууга милдеттүү болгондуктан, алардын өздөрү даярдаган сюжетин эфирден кетирдик. Ал жакта таптаза, халатчан, чепчикчен болуп алып укмуш сонун этти кесип жатканын көрдүк. Биз да өзүбүздүн материалды эл­ге сунуштадык, алар да сунуштады, эми эл кимине ишенсе өзү би­лет да. Жалгыз ветврачтар муну моюунга алып, биз аларды кууп эле жүрөбүз кетпей жатышат- деп шалдайышты. Ал эми санитардык көзөмөлдөө борбору болсо, бул ишти силер аягына чыгаргыла биздин колубуздан келбей калды, анткени МВДдан муну-тигини текшербегиле деген буйрук түшөт-дешти. Демек МВДнын кызыкчылыгы да бар.

-Анан ошол өлгөн малдын этин элге алдап жеткирип жаткан адамдар жоопко тартылдыбы?

-И-иий, күйүп кетем да. Булар тамырлашып кетиптир да, менин даярдаган материалым менен иш козголду. Мага алар эми “Ош базарынын” жанындагы баягы жерде чогулбай, эт ташыган автобустар Фучикада, объездде, автовокзалдын жанында дагы деле эттерин алышып-сатышып жаткан маалымат жетип жатат. Эфирге чыккандын эртеси комиссия түзүлүп, “Ош базардын” тегерегине рейд жүргүзүштү, биздин камерага ачык тартылынып, ызы-чуу болгондон кийин базар чыкпайт да. Алар ошол биз айтып жаткан цехтерге барышы керек эле, жо-оок анткен жок алар. Бир жума убакыт берип, тигилер тазаланып, жыйналып алгандан кийин текшерип коюшту. Азыр жанагы үч милиция жана ГОМдун кызматкерине чара көрүшөөрүн айтышты.

-Эми жер-жерлердеги сооданы да иликтейсизби?

-Албетте, мен азыр маалымат топтоп жатам. Бул ишти да иликтеп элге жеткирем деген оюм бар.

Булак: “Обон”

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: