Кечээ түнкү саат 11 лер чамасында терезелери толугу менен караңгылатылган “Лексус 570” жана “Субурбан” маркасындагы кара жол тандабастар патрулдук милицияга баш ийбей коюп, кызматкерлер эки автоунааны кууп барып тороп токтотконго мажбур болушкан. Терезелери толугу менен караңгылатылган автоунаалардын биринде Эркин Мамбеталиев болгон. Эркинге таянышкандан уламбы же Кыргызстанда биз каалагандай жүргөнгө акыбыз бар деп билишеби, айтор автоунаалардын айдоочулары тиешелүү документтерин көргөзүшкөн эмес. Натыйжада Мамбеталиевдин машиналары айып аянтчасына токтотулган. Бирок машиналар ИИМдеги үлкөндөр тарабынан бир телефон чалуу аркылуу чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине эч кимге ооз ачпоо тууралуу буйрук берилгенин маалымат булактары жазып чыгышты.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ